АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ: МИНИСТРДИН АТЫНАН ТАРАТЫЛГАН БИЛДИРҮҮЛӨР – ЖАЛГАН
- 08.04.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги акыркы күндөрү Telegram мессенжери аркылуу министр Догдуркул Кендирбаеванын атынан жалган билдирүүлөр таралып жатканын маалымдады.
Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, бул билдирүүлөр билим берүү тармагында иштеген кызматкерлерге багытталган. Анда өздөрүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери катары тааныштырган адамдар байланышат деген сыяктуу жалган маалыматтар камтылган.
Агартуу министрлиги аталган билдирүүлөрдүн министрге эч кандай тиешеси жок экенин жана алар алдамчылык максатында атайын таратылып жатканын белгилейт.
Ушуга байланыштуу министрлик билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин жана бардык жарандарды сак болууга чакырып, шектүү билдирүүлөргө ишенбөөгө үндөдү. Ошондой эле жеке маалыматтарды белгисиз адамдарга бербөө жана мындай учурларда тиешелүү органдарга кайрылуу сунушталат.
Министрлик жарандарды маалымат коопсуздугун сактоого чакырып, алдамчылардын аракеттерине алданбоого үндөйт.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”





Комментарийлер