АГАНЫН БИР АРМАНЫ ОРУНДАЛДЫ

  • 04.09.2020
  • 0

Баарыбыз жакшы тааныган профессор Дүйшөн Шаматовдун бир арманы бар эле:

АГАНЫН БИР АРМАНЫ ОРУНДАЛДЫ

«Карындашым Күмүшай – биздин кенжебиз. Аны баарыбыз эркелетип, жакшы көрүп чоңойттук. Кичинесинен шайыр, ачык мүнөз, китеп окуганды абдан жакшы көрөт. Каякка барбасын, тез эле досторду таап, бейтааныш адамдар менен да тил табышат. Жүргөн жери шаӊдуу ыр, шайыр тамаша. Ар кандай жаӊы иштерди тез эле өздөштүрүп алат. Орто мектепти өткөөл мезгил болгон 1991-жылы бүтүргөн.

Азыр ойлосом, ошол жылдары Жалпы республикалык тестирлөөнүн жоктугу карындашыма окшогон көптөгөн таланттуу балдардын тагдырына балта чапкан экен. Мен бизде акыйкаттык бар, өз күчү менен өтөт деп, жакшы эле тилендим, бирок коррупциялык машинага каршы тура алган жокмун. Тааныш жоктугунан улам, Күмүшайым ЖОЖдо окуй албай калды…

Күмүшай чет тилдер факультетине тапшырып, өз күчү менен англис тилинен «төрт» алганда, төбөбүз көккө жете сүйүнгөнбүз. Акыркы сынак кыргыз тилинен эле. Англис тилден жакшы баа алгандан кийин, эми кыргыз тили – эне тили, көркөм чыгармаларды көп окугандыктан, сөз байлыгы жетиштүү, дилбаянды дайыма кызыктуу, катасыз жазат, грамматиканы жакшы билет, эч кыйналбай эле өтөт деген ишенич менен бардык. Көрсө, дал ушул акыркы экзамендерде таанышы жоктор жарыштан четтетилет экен. Баардык суроолорго жакшы жооп берсе да, Күмүшайды экзаменде кулатып коюшту.

Ошол мезгилдеги жагдайды туура баалап, бир жолун тапканымда, Күмүшайым жогорку билимге ээ болмок деп мен азыркыга чейин өкүнүп келем. Окууга өтсө, чоң жазуучу же адабиятчы болмок. Дүйнө аралап, көп адамдар менен иштешкенимден, карындашымдын дареметин жакшы билгендиктен, жолу ачылбады деп капаланам.

Күмүшай карындашым университетте окубаганы менен, билими өтө терең, балдарынын билимине өзгөчө маани берет…»

 

(Д. Шаматовдун 50 жылдыгына карата жарык көргөн «Биздин Дүйшөн» жыйнагынан)

 

 

30 ЖЫЛ КҮТТҮРГӨН МАКСАТ

 

Бүгүн мен отуз жыл мурда алдыма койгон максатыма жеттим. Мен окууга тапшырдым. Бул сөздү айтуу үчүн мага 30 жыл күтүүгө туура келди…

 

Айтууга оңой болгону менен, бул дээрлик бир адамдын жарым өмүрү. Ушунча жыл аралыгында менин окууга болгон тилек-максатым өчүп калбастан, алоолонуп күйгөн оттой болуп, жалбырттап жанып атты. Мен сөзсүз эле окуу жайда билим албасам да, өзүмчө изденип, китеп окуп, ар кандай маалыматтарды түркүн булактардан алып жүрдүм. Кудайга шүгүр, азыр илим менен техника өнүккөн заманда жашап жатабыз. Дүйнөлүк адабиятты, окумуштуулардын өмүр баяндарын окудум.

 

Баарынан мага зор таасир калтырганы лампочканы ойлоп тапкан улуу окумуштуу Эдисондун мугалиминин апасына жазган каты болду. Анда мугалимдин балаӊыз окуй албайт, начар деген сөзүн апасы уулуңуз эң акылдуу, аны окутканга биздин билимибиз жетпейт деп өзгөртүп окуп берет. Ошондон тарта баласын үйдөн окута баштайт. Демек бардык нерсени жакшылыкка жоруп, үйдө деле өз алдынча окуп, ийгиликтерге жетишсе болот турбайбы!

Эдисондун апасына абдан суктандым. Менин балдарым сөзсүз эле илимий ачылыш жасабаса да (балким жасап калаар), турмушка керек болгон билимди алышса деп эңседим. Ал үчүн эне да билимдүү болушу керек экен деген ойго келдим. Менин эки уулум жана кызым мектепте окуйт. Азыркы пандемия учурунда аралыктан, үйдө окууга туура келип жатат. Ошон үчүн да менин окугум келди. Билбегенимди үйрөнүп, балдарыма терең билим берсем, алар келечекте илим-билимдүү болсо деген тилегим бар. Азыр мен небере көрүп, таене болор алдында 30 жылдык кыялымды орундатып, СТУДЕНТ болуп отурам!

 

Күмүшай Шаматова, Ош шаарындагы «Мурас» колледжинин студенти.

Бөлүшүү

Комментарийлер