АГА ХАН ФОНДУ БӨБӨКТӨРГӨ КОЛ СУНДУ

  • 11.04.2024
  • 0

11-апрелде Ага Хан Фонду Билим жана илим министрлигинде Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттик аппараттын жетекчиси Акылбек Жапаровго өлкөдө эрте курактагы балдарды өнүктүрүү тармагында кошкон салымдары жана жасаган иштерин көрсөттү.

АГА ХАН ФОНДУ БӨБӨКТӨРГӨ КОЛ СУНДУ

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ага Хан Фондунун, ошондой эле USAID тарабынан каржыланган «WE CARE» долбоорунун өлкөдөгү бала бакча тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымына жогору баа берди.

— Ага Хан Фонду эрте курактагы балдарды өнүктүрүү тармагында ишкердик менен алектенгиси келген айымдарга ар тараптуу билим берип, долбоордук сунушу ийгиликтүү болгондорго 3000 доллардан акчалай жардам көрсөтүүдө, – деди Догдуркүл Шаршеевна.

АГА ХАН ФОНДУ БӨБӨКТӨРГӨ КОЛ СУНДУ

Айта кетсек, Фонд 2006 жылдан бере мектепке чейинки билим берүү тармагын колдоп келет. Азыркы күнгө чейин 200дөн ашуун бакчаларга колдоо көрсөттү. Жеке менчик бакчаларды ачуу үчүн гранттык колдоо көрсөтүлөт. Үч жылдын ичинде 100 жеке менчик бакчалар 300,000 доллар грант алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер