АЭУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТЫН ФИНАЛИСТТЕРИ БОЛУШТУ

  • 18.10.2024
  • 0

Бизнес-пландарды иштеп чыгуу студенттерге бизнес дүйнөсүндө жана эл аралык аренада чоң мүмкүнчүлүк берген маанилүү көндүм.

 

АЭУнун Экономика жана башкаруу факультетинин Менеджмент кафедрасынын студенттери Түштүк Кореядагы Solbridge университети уюштурган Эл аралык бизнес-план сынагында финалист болушту. Академиялык куратор Рустам Чоновдун жетекчилиги астында 2-курстун төрт студенти – Марлен Раимкулов, Саидахмад Абдурахманов, Саадат Айткулова жана Элизат Султанали кызы мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү. Алардын командасы алдыңкы ондукка кирип, 2025-жылдын январь айында Түштүк Кореянын Тэджон шаарында өтө турган финалга жолдомо алды.

АЭУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК  СЫНАКТЫН ФИНАЛИСТТЕРИ БОЛУШТУ

Сынак Индия, Монголия, Кения, Индонезия жана башка өлкөлөрдүн университеттеринин студенттерин бириктирди. Биздин команданы куттуктайбыз жана Түштүк Кореяда боло турган финалга чоң ийгиликтерди каалайбыз!

Бөлүшүү

Комментарийлер