АЭУнун кызматкери ТӨМдүн жаш элчиси болуп шайланды
- 11.10.2024
- 0
Маданият, Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана БУУ системасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ТӨМдүн жаш элчилеринин расмий жолугушуусу өтүп, анда Ала-Тоо Эл аралык университетинин эл аралык программаларынын координатору Айгерим Максымбекова Кыргызстандын Туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча жаш элчиси болуп шайланды.
Жаш элчи Айгерим Максымбекованын пикиринде, талапкерлер ТӨМ менен байланышкан программаларды иштеп чыгуу тажрыйбасы, эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрү жана жыл бою программа менен активдүү иштешүүгө даярдыгы сыяктуу критерийлерге карап, конкурстун негизинде тандалып алынган.
Эми жаш элчилер ТӨМ миссияларын иштеп чыгууга жана жайылтууга, конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышууга, ошондой эле кызыкдар уюмдар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүккө ээ.
Комментарийлер