АЭУнун делегациясы эл аралык семинарда

  • 12.12.2025
  • 0

10-декабрда Казакстандын Абай атындагы Улуттук педагогикалык университетинде БУУнун Казакстандагы маалымат бюросу – БУУнун Глобалдык коммуникациялар департаментинин өкүлчүлүгү менен биргеликте, “Жасалма интеллект жана санариптик сабаттуулук: жалган маалымат жана фейк жаңылыктар менен күрөшүүдөгү жаңы чакырыктар” аттуу Борбор Азиянын 10-эл аралык журналистика боюнча семинары өттү.

АЭУнун делегациясы эл аралык семинарда

 

АЭУнун атынан иш-чарага “Журналистика” жана “Жарнама жана коомчулук менен байланыш” кафедраларынын өкүлдөрү катышып, илимий баяндамаларын сунушташты:

  • Аида Абдулдаева – ф.и.к., доцент, “Журналистика” кафедрасынын башчысы (“Борбордук Азияда фактчекингде жалган маалыматты аныктоодогу жасалма интеллекттин ролу”)
  • Айнура Кабатай кызы – ф.и.к., доцент, “Жарнама жана коомчулук менен байланыш” кафедрасынын башчысы (“Фейк контенттин просодикалык белгилери: манипулятивдүү жана жалган билдирүүлөрдү аныктоодо аудиоанализдин мүмкүнчүлүктөрү”)
  • Аита Султаналиева – ф.и.к., доцент, окутуучу (“Кыргызстандагы медиа жана коммуникация тармагына ЖИни интеграциялоо: жалган маалыматтын тобокелдиктери жана кесиптик этиканы калыптандыруу маселелери”)
  • Ырыскүл Алакунова – ассистент-окутуучу жана PR бөлүмүнүн веб-контент менеджери (“Кыргызстанда медиаконтентти түзүүдө жана редакциялоодо ЖИнин ролу жана таасири”)

АЭУнун делегациясы эл аралык семинарда

АЭУнун делегациясы эл аралык аянтчада өз илимий баяндамаларын сунуштап, медиамейкиндикте жасалма интеллектти колдонуудагы негизги тобокелчиликтерди жана мүмкүнчүлүктөрдү белгилеп, медиа адистер үчүн бир катар практикалык сунуштарды айтышты.

“Кыргызстандан келген Айнура Кабатай кызынын баяндамасы бизде чоң кызыгууну жаратты. Ал адамдын үнү менен кандай манипуляцияларды жүргүзсө болорун, эң тажрыйбалуу угуучуларды да кантип жаңылыштыкка алып келерин мисалдар менен көрсөтүп берди. Окутуучу катары мен үчүн анын теорияны жана практиканы айкалыштырып бергендиги өзгөчө баалуу болду: биз өзгөртүлгөн үндү угуп, эмне болгонун талдап, реалдуу үн менен ЖИ жасаган үндү кантип айырмалоо керектиги боюнча пайдалуу сунуштарды алдык. Мен бул материалды окуу куралы катары жайылтуу зарыл деп эсептейм, анткени ал студенттер үчүн гана эмес, медиа адистери үчүн да пайдалуу болот”, – деп белгиледи  Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин журналистика факультетинин ага окутуучусу Ольга Петровна Ложникова.

Эл аралык иш-чаранын алкагында “RasInfo” мобилдик ресурстун презентациясы көрсөтүлдү – бул казак, орус жана англис тилдеринде санариптик сабаттуулукту жана фактчекинг көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган интерактивдүү платформа. Ошондой эле эл аралык адистер өздөрүнүн изилдөөлөрүн сунушташты.

АЭУнун делегациясы эл аралык семинарда

Ошондой эле PhD, Туран университетинин Медиа жана маданияттар аралык коммуникациялар жогорку мектебинин профессору, “RasInfo” долбоорунун авторлорунун бири Санатбек Азатбекович Сейдеханов Ырыскүл Алакунованын баяндамасынын актуалдуулугун жана жаңычылдыгын белгиледи:

“Ала-Тоо Эл аралык университетинен келген Ырыскүл Алакунованын Кыргызстандагы медиа чөйрөсүндө жасалма интеллектти колдонуу боюнча баяндамасы кызыктуу жана актуалдуу болду, анткени бул чөйрө өнүгүү стадиясында. Учурда биргеликте жасалма интеллект менен иштелип чыккан контенттерди жөнгө салып, контентти маркировкалоо маселесине көңүл буруп жатабыз. Эң маанилүүсү, мындай семинарларда жаңы идеялар айтылып, аларды талдап, аудитория жана илимий коомчулук үчүн жаңы сунуштарды иштеп чыгып, пайдаланууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мыкты деңгээлде аткарылган илимий иш үчүн ыраазычылык билдирем”, – деп кошумчалады профессор.

Семинарга Казакстан, Кыргызстан, Эфиопия жана Өзбекстандан катышуучулар келди, ошондой эле ЕККУ жана Мюнхендеги Людвиг-Максимилиан университетинин өкүлдөрү сыяктуу эл аралык адистер катышты.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер