АЭУ Р. Рыскуловдун 90 жылдыгына карата эскерүү кечеси

  • 28.10.2024
  • 0

24-октябрда «Ала-Тоо» Эл аралык университетинде Кыргыз Республикасынын эл акыны, сүрөтчү, журналист жана котормочу Рамис Рыскуловдун 90 жылдыгына арналган поэзия кечеси болуп өттү.

АЭУ Р. Рыскуловдун 90 жылдыгына карата эскерүү кечеси

Поэзия кечесинин алкагында Рамис Рыскуловдун сүрөттөрүнүн жана графикаларынын көргөзмөсү өтүү. Бул конокторго анын чыгармачылык талантынын дагы бир жагын баалоого мүмкүндүк берди. Кече Рамис Рыскуловдун чыгармачылыгынын маданий жана тарыхый маанисине, анын кыргыз жана совет адабиятына тийгизген таасирине арналган жандуу талкуулар менен толукталды.

АЭУ Р. Рыскуловдун 90 жылдыгына карата эскерүү кечеси

Иш-чарага Р. Рыскуловдун жубайы Шааргүл Рыскулова, КРнын эл жазуучулары Кубатбек Жусубалиев жана Асан Жакшылыков, КРнын эл акыны Сагын Акматбекова, ошондой эле академик жана профессор Александр Кацев чакырылды.

Акындын жубайы Рамис Рыскулов үчүн поэзия жашоонун зарылчылыгы болгонун, ал чыгармачылыкта гана эмес, жашоодо да эркиндикти сүйгөндүгүн айтты. Ошондой эле окуу жайдын жамаатына ыраазычылыгын билдирип, жаштардын поэзияга кызыгуусу артып жаткандыгын баса белгиледи.

АЭУ Р. Рыскуловдун 90 жылдыгына карата эскерүү кечеси

АЭУнун окуу иштери боюнча проректору Рустам Умаров АЭУ ЖОЖ катары терең билимге гана эмес, эмоционалдык интеллектке да ээ адистерди даярдашы керектигин билдирип, өзү Рамис Рыскуловдой залкар акындардын ырларын сүйүп окуй турганын айтып, студенттердин мындай иш-чараларга активдүү катышып жатканына кубанычын билдирди.

АЭУ Р. Рыскуловдун 90 жылдыгына карата эскерүү кечеси

Бул өзгөчө кечеде Рамис Рыскуловдун Кыргызстандын белгилүү акындарынын, журналисттеринин жана коомдук ишмерлеринин, ошондой эле университеттин студенттери менен окутуучуларынын кыргыз жана орус тилдериндеги поэтикалык чыгармалары жаңырды. “Ала-Тоо” музыкалык клубунун катышуучулары тарабынан даярдалган уникалдуу музыкалык программа поэтикалык атмосфераны лирикалык композициялар менен толуктады.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер