АДИЛЕТ БААЛАНГАН АК ЭМГЕК

  • 11.09.2020
  • 0
АДИЛЕТ БААЛАНГАН АК ЭМГЕК

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Рая Султаналиевага Президенттин Жарлыгы менен «Даңк» медалы ыйгарылды. Ал Кыргызстандын билим берүү тармагында мыкты илимпоз-окутуучу, уюштуруучу, насаатчы катары таанымал.

АДИЛЕТ БААЛАНГАН АК ЭМГЕК

ПЕДАГОГ БАСКАН ДАРКАН ЖОЛ

Рая Султаналиева СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин 1975-жылы аяктап, эмгек жолун ушул эле жылы Фрунзе политехникалык институтунун (азыркы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети) физика кафедрасынан баштаган. “Дарак бир жерден көгөрөт” демекчи, бир университетте эмгектенип, жарым кылымдык өмүрүн адис даярдоого, илимге, коомдук иштерге арнап келет. Учурда университеттин илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору милдетин ийгиликтүү аткарууда.

Ал кыргыз кыздарынын ичинен биринчи болуп «Деформацияланган катуу телолордун механикасы» адистиги боюнча физика-математика илимдеринин доктору болгон. Учурда илимге умтулган бир нече жаштардын насаатчысы.

— Жакында эле дагы бир кыз докторлук диссертациясын жактады. Ага чейин бул тармактагы жалгыз доктор кыз Рая болчу. Аны мен студент кезинен билем, ал мен жетектеген теориялык физика кафедрасын бүткөн. Өтө тың, өз ишин убагында аткарган, коомдук иштерге активдүү катышкан, кыскасы, бардык жагынан төп келишкен кыз болчу. Университетти дагы мыкты аяктады. Өзүбүз жогорку окуу жайына сунуштадык. Кийин илимий иштерине да көп көмөктөштүм. Эми университеттин илимий иштерин жетектеп келе жатат. Өзү алдына камчы салдырбаган кыз, — дейт физика-математика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, профессор, академик Жайнаков Аманбек.

Сыйлык ээси 100дөн ашык илимий-методикалык эмгектерди жараткан. Алардын ичинде кыргыз жана орус тилдериндеги окуу китептери, ар кандай усулдук көрсөтмөлөр, илимий монографиялар, ойлоп чыгарууга берилген патенттери бар. Кыргыз тилинде чыккан окуу куралдары бир нече ирет 1-2-даражадагы дипломдорго ээ болгон. 2000-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин гранты боюнча алынган илимий долбоорду жетектеп келет. Жыл сайын илимий-техникалык конференцияларга, эл аралык симпозиумдарга, семинарларга активдүү катышат. Илимий иштерге пикирлерди жазып, кандидаттык диссертацияларга оппонент болуп, аспиранттарды, изилдөөчүлөрдү жетектейт.

Р.Султаналиева коомдук иштерде дагы активдүү. Ал университеттин, энергетика факультетинин Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу комиссиясынын мүчөсү.

— 45 жылдык эмгегинин ичинде университеттин билим берүүсүнө, келечек муундарды даярдоодо жана тарбиялоодо, илимий иштерине чоң салым кошуп, өзүнүн кесибинин чыныгы кесипкөйү жана жаштардын насаатчысына айлана алды. 20 жыл ичинде Кыргызстандын мектеп окуучуларынын физика боюнча олимпиадаларын уюштурууга жана өркүндөшүнө чоң салым кошту. Биздин жамааттын ичинде дагы өзүнүн салмактуу орду бар киши. Ар дайым сыйлап, эмгегин баалап келебиз, — дейт окуу жайдын ректору Мураталы Жаманбаев.

Теңир-Тоонун зирек кызынын эмгекчилдигин студент кезинен бери жакшы билген агайы, КР УИАнын корреспондент мүчөсү, п.и.д, профессор Эсенбек Мамбетакунов дагы жогору баалайт.

— Элибизде «Теңир-Тоо» сүйүктүү мекенибиздин ишеничтүү тиреги” деген сөз айтылып жүрөт. Чынында эле Улуу Теңир-Тоо чөлкөмү кыргыз журтуна, анын коомдук башкаруусуна, маданият, илим дүйнөсүнө көптөгөн залкарларды берди. Анын бири улуу акын Жумакан Тынымсеитованын кызы, профессор Рая Султаналиева. Аны мен студент кезинен билем. Университетте сабак бербесем дагы, физик-окутуучу катары, илимдин жана билимдин активдүү уюштуруучусу катары, ата-эненин кадыр-баркын сезип, алардын алдындагы ыйык милдетин ак эмгек менен гана актай аларына ишенип, жигердүүлүк менен эмгектенип келе жаткан инсан катары билем. Ата-энесинин алдындагы милдетин сезген Рая “Карызымды кызматым менен төлөйүн” деп студенттик учурдан баштап эч кимге камчы салдырбай позитивдүү маанайдагы активдүү иш билги адис катары жанын үрөп эмгектенип келе жатат. Раянын максаты Теңир-Тоонун чокуларындай бийик, ай менен күндөн нур тамган Нарындын асманындай ачык, эл менен жерге жан берген Нарын дарыясынын энергиясындай кубаттуу, жүрөгү ар дайым жакшылык үчүн толкуп, ташып турат. Анын далили катары мен 45 жылдан бери бир жерде чалыкпай иштеп, ар бир тепкичти басып өткөнүн, 20 жылдан бери талбай мектеп окуучуларын дүйнөлүк олимпиадага алып барып келип жүргөнүн, билген кишиге бул милдеттин дагы түйшүгү көп, окумуштуу катары сунуштаган илимий технологиялык ачылыштарын, жетекчилик касиетин баса белгилегим келет. Эми минтип ак эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, жогорку сыйлыкка татып отурат, — дейт.

АДИЛЕТ БААЛАНГАН АК ЭМГЕК

МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ЖОЛ КӨРСӨТКҮЧҮ

Рая Мамакеевна 20 жылдан бери мектеп окуучуларынын физика боюнча олимпиадаларын уюштуруп, шаардык, республикалык олимпиадалардын калыстар тобунун төрайымы болуп келет. Азыркы күндө Азия жана эл аралык олимпиадаларга окуучуларды тандоо боюнча комиссиянын төрайымы. 2003-жылдан бери дүйнөлүк олимпиадаларга кыргызстандык окуучуларды катыштырып, улуттук команданы жетектейт. Бул жылдардын ичинде кыргыз окуучулары эл аралык олимпиадалардан бир нече күмүш, коло медалдарды жеңишип, ондогон Ардак грамоталардын ээси болушкан. Мыкты жетекчи бул окуучуларды олимпиадага гана алып барбастан, бир тобунун келечегине дагы жол ачып берген. Буга учурда түрдүү технологиялар үчүн чиптерди чыгарган Американын белгилүү Broadcom Inc компаниясында иштеп жаткан Азат Сулаевди мисал кылсак болот. Ал Limon.KG сайтына берген маегинде бүгүнкү күндөгү жетишкен ийгилигине Рая Мамакеевнанын кошкон салымы зор экендигин баса белгилеген. Бул кыргызстандык бала чыгарган чиптерди Tesla и NASA сыяктуу дүйнөлүк ири компаниялар колдонушат.

— Бизге 8-класстан баштап физика сабагы кире баштады. Эмнегедир ушул сабакка кызыгып, көбүрөк көңүл бурдум. Натыйжада олимпиадаларга катышып, ийгиликтерди жарата баштадым. Алма-Атада, Шанхайда, Сингапурда, Тегеранда өткөн дүйнөлүк олимпиадарга катыштым. Сингапурдан коло медалга татыктуу болдум. Ал жактан медалисттерди олимпиада өткөн Nanyang Technological University экзаменсиз кабыл ала турганын айтып, сунуш кылып калышты. Мен дароо ошол жакка тапшырып, окуумду ийгиликтүү аяктап, минтип дүйнөлүк ири компанияда иштеп жатам. Менин мындай ийгиликтерге жетишиме дал ушул Рая Мамакеевнанын кошкон салымы зор. Себеби мен Сингапурдун адыңкы окуу жайына өткөнүм менен контрагын төлөй албай жатканымда ири стипендия алуума жол ачып берген. Эжейимдин көрсөтүүсү жана колдоосу менен ийгиликтүү окуучулар үчүн бериле турган Нобель сыйлыгынын лауреаты CN Yangдын стипендиясына илинип калгам. Бизди Дүйнөлүк олимпадаларга дагы жалаң ушул эжейим алып барып жүрдү. Көп нерсеге көзүбүздү ачып, дүйнөлүк деңгээлге чыгышыбызга жол ачты, — дейт Азат.

АДИЛЕТ БААЛАНГАН АК ЭМГЕК

45 ЖЫЛДЫК ЭМГЕКТИН ЖЕМИШИ

Окуу-тарбия, илимий-изилдөө иштери, көп жылдык ак эмгеги үчүн Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин бир нече Ардак грамоталары, Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өндүрүш министрлигинин бир нече Ардак грамоталары менен сыйланган. КР билим берүүсүнүн, КР Профсоюз уюмунун отличниги. КТУнун 50 жылдык юбилейине карата 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алган. 2007-жылы КМТУнун «Мыкты доцент» наамына татыктуу болгон. 2008-жылы “Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин профессору” наамы ыйгарылган. 2010-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери» жогорку наамына ээ болгон. 2014-жылы КМТУнун 60 жылдыгына карата юбилейлик медалын, Кыргыз Республикасынын «Физика коомунун» Ардак грамотасын жана 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасын, 2018-жылы «Кыргыз тили» төш белгисин алган. 2018-жылы «Акыл тирек» жарышынын дипломанты болгон. Жакында эле Россиянын табигый илимдер академиясынын «Эмгек сиңирген ишмери» деген наамын алды.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер