АДЕП САБАГЫ ОКУУЧУНУН ТУРМУШТУК КӨНДҮМДӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРАТ

  • 06.12.2017
  • 0

Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатында Адеп сабагы атайын предмет катары 6-8-класстарда окутулат. 6-класста мектеп окуучулары Ата журт темасында ыйык жерлер, ата-бабалар, адамдагы жакшы-жаман сапаттар, ошондой эле кыргыз элинин басып өткөн тарыхынан азыноолак маалымат алышса, 7-класстарда атуул, ар-намыс темасында, ал эми 8-класста адам таануу түшүнүгүнө кеңири ээ болушат. Дегеле, адеп сабагы  ыймандык  жүрүм-турум нормаларына ээ кылуу менен окуучунун турмуштук көндүмдөрүн калыптандырат эмеспи. Адеп сабагынын окуу программасына кириши учурдун талабы.

АДЕП САБАГЫ ОКУУЧУНУН ТУРМУШТУК КӨНДҮМДӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРАТ АДЕП САБАГЫ ОКУУЧУНУН ТУРМУШТУК КӨНДҮМДӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРАТ АДЕП САБАГЫ ОКУУЧУНУН ТУРМУШТУК КӨНДҮМДӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРАТ

Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын директору Алтынбек Жапаровдун берген маалыматына таянсак, мектеп практикасында адеп сабагынын мазмунуна сүңгүп кирүү менен окуучулардын сөздү баалоо, кечиримдүүлүк, адамдагы мүнөз, жүрүм-турум тууралуу, ата салты, мурастары жөнүндө темаларды талкуулоо, маалымат алуу менен гана чектелбестен, практикалык жагдайда пайдаланууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

— Окуучуларыбыз күнүмдүк жашоо-турмуштарында кандай таасирде калып жатканын баса белгилей алышат деп ишенимдүү айта алабыз. Маселен, 6-класстын окуучусу Сагалиева Гүлназ өз маегинде жеке өзүнүн эле ою эмес, классташтарынын да ойлорунда айрым окучулардын айланага карата көз карашы өзгөрүп, чоң атасы, бөбөктөрүнө болгон ойлору өзгөргөнүн, өзү болсо тез алынышып сүйлөшүп кете алгандыгын баса белгилейт.

Сабакта мугалим окуу материалын эле бербестен,  турмуштук кырдаалдардан мисал келтирүү (жеке ийгиликтер, кубанычтар, кайгыруулар; мамиле; максатка жетүү; жоопкерчилик ж.б.) менен сабакты жемиштүү кыла алат. Ал эми 8-класстардагы окуучулар менен ой бөлүшкөндө айрым окуучулар, маселен, А.Турдугулов,  Э.Супатаев  ж.б. курбуларынын арасында өзгөргөнүн, энергетикалык суусундуктарды, тез татымдарды өз жашоосунан алып салгандыгын айтышат. Чөйрөсү үчүн досторду туура тандоого, жакшы достор адамды туура жолго саларына ынануулары мугалимди гана эмес, бардык эле адамдардын жүрөгүнө жылуулук менен позитивдүү ойлорду тартуулары анык деп айта алам, — дейт мектеп жетекчиси.

Эзелтеден адеп башаты болгон мектеп менен ата-эне, коомчулук биргеликте иш алып барса жакшы натыйжа берет. А көпчүлүк учурда мектеп өзүнчө, ата-эне таптакыр четте, коомчулук болсо мектептен ийгиликтүү инсанды күтүп отурат. Манас атанын осуяттарында «Бир жакадан баш, бир жеңден кол» чыгарып ата салтын улап, кийинки муунга туура багыт берүү — бул улуу муундун келечектеги жаркын жашоосунун башаты экени талашсыз.

Бул багытта Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернаты коомчулук менен (ата-энелер, коомдук уюмдар, жеке инсандар ж.б.) байланышты үзгүлтүксүз түзүп келет. Адеп сабагын окутуунун алкагында Каракол шаарындагы белгилүү эмгек ардагерлери, Улуу ата мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушуу, өз айылындагы учурдун иштерман адамдары менен баарлашуу, анын негизинде элге, коомго кызмат кылуу түшүнүгүнө  ээ кылуу көндүмдөрү калыптандырылат.

  • Мисалы, былтыркы окуу жылында 7-класстын окуу программасына ылайык, “Билимге умтулуу бийиктик” деген сабак мектеп-лицейинде өткөрүлгөн республикалык илимий-практикалык конференцияга туура келип, адеп сабагынын мугалими Сүйүмбай кызы Роза окуучулары менен тарых илимдеринин доктору, профессор А.С.Ормушев, тарых илимдеринин кандидаты А.К.Каниметов ж.б. менен жолугушуу уюштуруп, натыйжада окуучулардын илимий дүйнө таанымдары кеңейди десек болот. 7-класстарда “Уул-кызга улуттук өнөр уютку” деген бөлүмдүн алкагында мектептик деңгээлде окуучулар менен мугалимдердин биргелешүүсү менен өткөрүлгөн “Сармерден” оюну, мектептеги көркөм өнөр кафедрасынын мугалимдеринин уюштуруусу менен өткөрүлгөн практикалык семинар пайдалуу, жемиштүү билим азыгы боло алды. Мындай практикалык тарбиялык иштердин мектеп турмушунда арбын болушу окуу программасына үндөш келүү менен лицей окуучуларынын ар тараптуу өнүгүүсүнө пайдубал болуп бермекчи, — дейт А.Жапаров.

Ошондой эле коомчулук менен байланыштын бир түрү катары “Атам, апам жана мен – сергек жашоо үчүн” деген теманын алкагында мектеп-лицей-интернатында ата-энени мектепке тартуунун бир жолу катары спорттук мелдештер өткөрүлүүдө. Бул иш-аракет жылдан-жылга кайталанып, ата-энелердин жоопкерчилиги артып, натыйжада заманбап жашоодогу ата-эне жана баланын ортосундагы түшүнүктү коомчулукка алып чыгуу талабы турат. Ааламдашуу мезгилинде илимий-техникалык прогресс менен ыймандык-этикалык көндүмдөрдүн жуурулушуусу менен гана баланын инсан, чыныгы адам болуп калыптануусу зарыл. Биздин мектеп-лицей-интернат мына ушунун үстүндө иштеп келет.

  • «Дүйнөдөгү өзгөрүүнү көргүң келсе, өзүн ошо өзгөрүүдө бол», — деп И. Ганди айткан экен. Андыктан дүйнө таанымы азыркы мезгил менен катарлаш бараткан окуучубуздан артта калбайлы, — дейт директор.

 Даярдаган Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер