АДАБИЯТТЫ «АЛЬТЕРНАТИВ ПРОГРАММА» МЕНЕН ОКУТУУ

  • 14.04.2021
  • 0

Бегалиева Толкун

Эл агартуунун отличниги

Ош облусу Алай району

 № 11 К.Султанов  атындагы  орто мектеби

 кыргыз тили жана адабияты мугалими

E-mail: [email protected]

                   Адабиятты «альтернатив программа» менен окутуу 

                     Адабиятты окутууда кездешкен практикалык маселелер

 Кыргыз адабиятын «альтернатив программа» менен окутуу тажрыйбасы жакынкы жылдарда жогорку (9-10-11-кл) класстардын окуучуларына эксперименттелип, окуу китептерине жана  өзүмдүн окутуучулук ишмердигиме педагогикалык изилдөөлөрдү  жүргүзүү менен ишке ашырылды. Адабият сабагы үчүн «альтернатив программа» түзүү төмөндөгүдөй практикалык маселелерден келип чыкты.

  1.Окуучулардын адабиятка мамилеси. Изилдөөлөр көрсөткөндөй бүгүнкү күндүн жогорку класстарында класстын басымдуу бөлүгүн түзгөн  — 50-60% «окуса окуй турган», бирок эмнегедир «орто саар» — «3-4кө» окуган окуучулар бар. Алардын көбү адабиятты оозеки дурус өздөштүргөнү менен (айтып бергенде, укканда жакшы түшүнүп) окуу китебин жана көркөм адабий чыгармаларды өз алдынча окушпайт. Класстын 20-25%тин түзгөн «жакшы» — «4-5ке» окугандардын арасында да адабиятка кызыгып окугандары саналуу – бир-экөө гана. Айрымдары баа алыш үчүн эле аракет кылышат. Кээде окуучулардын 10-11-класстын «Кыргыз адабияты» китебин окуп «Мен түшүнбөдүм…» дегенин угасын. «Эмнеге түшүнбөйсүн? Түшүнбөгөнүн кандай?!» — деп сабактын убактысын коротуп отурбай: «Мына, чыгармага алып кирип баратам. Сюжетке кирип баратабыз…» — деп таяныч-каражат менен жандуу сөзгө уютканда гана окуучулар «Улантыла берсе экен!» дешет. Романдарды окуткан учурда «Кайсы мектептин канча окуучусу чыгарманы өз алдынча окуду экен?» деген ой келет. Китепке үстүртөн көз жүгүрткөн мамиледен улам «Кантип китептин тексттин изилдетип окутуу мүмкүн?» деген маселе жаралат.

  1. Программа, окуу китеби жана сабак. Жогорку класстардын адабиятын окутууда программадагы тема менен окуу китебиндеги материалдын дал келбегендиги, тема менен сабактын айкашпагандыгы, чыгарма менен окуурмандык байланыштын жоктугу ж.б. кездешет. 10-11-класстардын «Кыргыз адабияты» китеби чыгармалар жөнүндөгү жалпы обзордук талдоо материалдарынан турат. Билим берүү стандарты бүгүнкү сабакка негизги жана предметтик компетенттүүлүк: SMART – «акылдуу» критерий (конкреттүү, ченеми өлчөнө турган, ишке ашырылышы реалдуу натыйжага багытталган) — бүгүнкү баланын позициясынан жаңы талаптарды киргизди. Бул талаптарга программа жана окуу китеби толук жооп бербейт. Мисалы: 10-кл. М. Элебаев. «Узак жол» романы:
1.«Узак жол» романы1саат
2.Чыгармадагы баяндоонун реалисттик салты1саат
3.Бала менен ата-эненин байланышы1саат
4.Мекен темасы. Гуманизмди даңктоо. Адабият теориясы:

Автобиографиялык чыгарма

1саат

темаларга бөлүнгөн. Мында роман өзү – 1 саат  — көлөмү өтө чоң (45 минутта окуп бүтүү мүмкүн эмес) — чыгарма менен окурмандык байланыш аз; 2-3-теманын ченемдик көлөмү так аныкталбаган, сабак менен окуу китебинин дал келбестиги; 3-теманын көлөмү өтө аз — окуу китебиндеги акыркы абзац — сабак менен тема айкашпайт. Ушул «Бала менен ата-эненин байланышы» деген темага «Кантип план жазуу керек, убакытты эмнеге өлчөмдөө мүмкүн, кандай максат коюлат?» деген суроолор туулат. Эгерде «Узак жол» романы SMART критерийи менен ченемделсе, анда роман чыгарма катары жок эле дегенде 2 саат окутулмак, же «конкреттүү, реалдуу» делинсе романдын  1-2-3- бөлүмү 3 саатта окутулгандан кийин гана окуу китебиндеги (10 бет) обзордук материал өздөштүрүлмөк.

Жогорку класстардын «Кыргыз адабиятын» окутуу программасы тарых менен мазмундаш «Революцияга чейинкини», «Үркүндү», «Согуш мезгилин», 60-70-жылдарды чагылдырган чыгармалардан түзүлгөн. Алсак, «Революцияга чейинки турмуш» жөнүндө: «Эрксиз күндөрдө» повести, «Кыйын кезең» повести (9-кл), «Каныбек» романы (10-кл), «Сынган кылыч» романы (11-кл) ж.б. окутулса; «Үркүн» жөнүндө:  «Татым туз» аңгемеси (9-кл), «Узак жол» романы, «Кандуу жылдар» романы, «Ажал ордуна» драмасы (10-кл) окутулса; «Согуш мезгили» жөнундө; «Ажал менен Ар Намыс» поэмасы, «Саманчынын жолу» повести (9-кл), «Жамийла» повести, «Майдан» романы (11-кл) ж.б. окутулат.

9-класстын окуучуларынан окуу жылынын аягында; «Жыл ичинде өтүлгөн темалардан силерге жаккандары кайсылар?» деген суроого жалпы бир ооздон «Кыздын сыры» повести (Ө.Даникеев) деп жооп беришип, ага кошумча «Анарбайдын көпүрөсү» аңгемесин (К.Каимов) жана Алыкулдун ырларын аташкан.

  1. Кайталанма өмүр, чыгармачылык. Жогорку класстардын адабиятында программанын 45%, же ар бир 3-4-сабакта акын-жазуучулардын өмүрү, чыгармачылыгы окутулат. Акын-жазуучулар: К.Тыныстанов, М.Элебаев, Ж.Турусбеков, К.Маликов, К.Жантөшев, Ж.Бөкөнбаев, А.Осмонов (9-10кл) Ч.Айтматов (9-11-кл) ж.б. өмүрү, чыгармачылыгы кайталанма мүнөзгө ээ. Өзгөчө 10-класстын адабиятында К.Тыныстанов – 12 бет, А.Токомбаев – 14 бет, М.Элебаев – 14 бет, Ж.Турусбеков – 14 бет, К.Маликов – 13 бет, К.Жантөшев – 10 бет, Ж.Бөкөнбаев – 14 бет, А.Осмонов – 16 бет өмүр чыгармачылыгы жөнүндөгү материал берилген. Тексттер узун, илимийлешкен, айрым терминдерди окуучулар түшүнө беришпейт. Аягына чейин окуп да чыгышпайт. Ушул эле акын-жазуучулар жөнүндө «Адабияттын өнүгүү этаптарында» да тексттер кайталанат. «Кайталанма өмүр чыгармачылыкты «мезгилдик топтоштуруп» окутуунун учуру келип жеттиби? Программа жана китеп тексттери жаныланууга тийишпи? Кантип илимийлешкен көлөмдүү текстти бир сааттык сабакка ченемдөө керек? Канткенде бул материалдар  бүгүнкү окуучунун позициясына дал келтирилип, турмушка колдонуучу керектүү билимдин кызматын аткарат?» ж.б. суроолор пайда болот.
  2. Адабият – искусство – чеберчилик. Кийинки жылдарда «Кыргыз адабияты» — окуу планында – чеберчилик (искусство) бөлүмүнө киргизилди.  Ырас, андай болгон соң « Адабият» да – «Музыка», «Сүрөт» сабагы сыяктуу – өнөрү бары өнөрүн таптаса, өнөрү жогу билсе билбесе да эстетикалык рахат алчу ишмердикке айлануусу керек го. Анда «Музыка» сабагы: Музыканын теория-практикасы — аспапта ойноо техникасы, аткаруу техникасы — ырдоо, обон, күү, опера, джаз,симфония,эстрада ж.б. жанрлардан тургандай; «Сүрөт» сабагы: Сүрөттүн теория-практикасы — сүрөт тартуу техникасы, бое техникасы, чаптоо техникасы – натюрморт, графика, пейзаж, живопись ж.б.жанрлардан тургандай; «Адабият» сабагы да:  Адабияттын теория-практикасы – көркөм окуу техникасы, ыр жазуу техникасы, кара сөз жазуу техникасы – ыр, айтыш, аңгеме, эссе, новелла, пьеса, драма, повесть, роман ж.б. жанрлардан туруп, жанрдык өзгөчөлүккө басым жасалып окутулмак.

«Адабияттын» искусство катарында жанрдык окутулушу элдик оозеки чыгармачылыктын да, кыргыз адабиятынын да, дүйнөлүк адабияттын да шедеврлеринин тандалышын шарттамак. Анда  окуучулар «Музыкадан» жыргап угуп жана өз үнү менен ырдагандай, «Сүрөттөн» суктана карап жана өз колу менен боеп, чаптап жасагандай, «Адабияттан» да текстти кызыгып окуп жана чакан жанрларда өз ою менен текст жазышмак. Текстти жанрдык-стилдик айрымалай билүү жөндөмү, тексттин баш-аламан үзүндүлөрүнөн кайра оңдоп-түзөп иретке келтирүү жөндөмү, текстти логикалык, грамматикалык изилдей билүү жөндөмү машыктырылмак. Бүгүнкү «Адабият» предметинде текст менен машыктырылуучу тапшырмалар жокко эсе.

«Альтернатив программанын» артыкчылыктары

Адабиятты окутууда кездешкен практикалык маселерди чечүү үчүн жолдор изделди. Анын бир жолу – «Альтернатив программа» менен окутуу болсо, дагы бир жолу – окутулгандарды кайра (кийинки жылы) сыноодон өткөрүү, байкоо жүргүзүү, натыйжасын жыйынтыктоо ж.б.иштерди өзүнө камтыган «эксперименттик изилдөө» болду.

Терминди түшүндүрсөм: «Альтернатив» — ( фр. alternative  <  лат. alternatus —  другой, чередоваться – башкасы, биринен кийин бирин, бирин коюп бирин)  «Биринчи сунушталгандан башканы тандоо, экинин бирин тандоо мүмкунчүлугү, же болбосо бир неченин бири-бирине алмаштырган мүмкүнчүлүктөрү, же мүмкүн болгон айырымаланган жалгыз артыкчылыгы» деген маани. (В.В.Иванова «Школьный словарь иностранных слов». Москва – 1990, 23-бет.) Тандоо, алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ «альтернатив программанын» адабиятты окутуудагы артыкчылыктары булар:

1.Теманын жаныланышы жана так өлчөнгөн көлөм. «Альтернатив программа» 10-класстын адабиятындагы көлөмү он беттен ашык кайталанма, обзордук (акын-жазуучулардын өмүр чыгармачылыгы боюнча) материалдарды окутуу үчүн түзүлдү. Окуу планындагы темалар алмаштырылып:

  1.   К. Тыныстанов өмүрүнүн «өйдө-төмөн сызыктары».
  2.    Мукай – универсал инсан, ал өзун өзү жасап алган.
  3.   «Жайкы таңдын» нурлары – Аалынын лирикалык ыргагы.
  4.    «Жаңы сайма»  — Жусуптун  инновациясы.
  5.   К. Маликовдун  «өсүү  сызыктары».
  6.      Кайран, Жоомарт – эмгекчини даңктайт!
  7.   Алыкулдун поэмалары – өз калкы – карапайым адамдары, — деп тандалды.

Тандалган темаларда акын-жазуучуларды бири-биринен айрымалаган жеке бөтөнчөлүктөрүнө көңүл бурулду. Анда автордун өмүр жолу түрдүү «сызыктары жана картасы» (Таяныч-конспекти усулу) аркылуу түшүндүрүлсө, ал эми азыркы баланын позициясынан – конкреттүү билимди өлчөө, натыйжага багыттоо мүмкүнчүлүгү — атайын (бети, абзацы белгиленип) иргелген  саптарды (автор өзү, же башкалар эскерген цитаталарды) тексттен таап окуп, чыгармачылык өзгөчөлүгүн изилдөө менен ишке ашырылды. Теманын жаңыланышы: сабак, китеп, реалдуу ченем, бүгүнкү окуучу  ж.б.талаптарга  кандай оң таасирин берерин практикадан алып карайлы. Мисалы: «Мукай – универсал адам, ал өзуүн өзу жасап алган» деген тема боюнча М.Элебаевди окуткан сабакты алалы. Сабак үч учурдан турду.

1-учур: ( 10-15 мин) «Мукай – универсал инсанбы?» — деп аталып, доскада Мукай өмүрүндөгү «төмөн карай кыскан жалпы турмуштун  тышкы сызыктары» —  жарды, жетим, Үркүн, качкындык жана Мукай өмүрөндөгү «өйдө карай көкөлөткон жеке жөндөмдүн ички сызыктары» —  чечен-төкмө, окуу-билим, акын-жазуучу, сынчы-котормочу, артист-куудул, обончу-аткаруучу, актер-сурөткер, хор-солист – деп ( доскада илинген 12 баракка сызып) жазылды да, «Мукай өмүрүнүн картасы» ( таяныч-чийме) аркылуу  жер-суу, адам аттары, сандар, окуялар, фактылар ж.б. маалыматтар менен көрсөтүлдү.

2-учур: (20-25 мин) «Ал кантип өзүн өзу жасап алды?» — деп аталып, окуучуларга тексттен издөө үчүн (бети, абзацы, саптары) номерленген стикерлер таратылды. Тапшырма көлөмү:

А) Текст үзүндүсүн көркөм окуп, андагы маанилерди Мукай өмүрүнүн сызыктарына дал келтирүү.

Б) Маанилер боюнча «автор өзүн өзү кантип жасап алганын» аныктоо жана жандуу образын түзүү.

Тапшырманын аткарылышы: М: Сыймык: — Мага , 126-беттеги 1-абзац берилди. Бул К. Маликовдун  Мукай жөнүндө эскерүүсү. (көркөм окуйт) Тексттеги маани; Мукайдын педтехникумда ар дайым китеп, дептерин колтугуна кысып, бир колуна томолоктой кармаган гезити  бар, партага жаагын таянып жалгыз отуруп күбүрөп окуй берчу экен. Орус классиктеринин томдорун окуптур. Демек, бул – Мукайдын «жогору карай кеткен ички сызыгы – көп окуу, билимдүүлүккө» дал келет. Ал өзүн өзү билим аркылуу жасап алыптыр.    (образын көрсөтөт; студент — Мукай).

3-учур: ( 3-5 мин) «Мукайга карата эки сүйлөм» — деп аталып,  пикир жазуу сунушталды. М: Ыйман: «Мукай, азамат экенсиң! Куудул, артист, обончу, хордо солист  болгонуңду бүгүн гана билдим.» ( Жаңыланган бул тема кийин да сыноолордон өткөрүлдү. Сабак окуучуларды кайдигер калтырган жок. Билим сапаты жогорку көрсөткүчтү берди. Слайд, ыр жазуу, образдар парады  ж.б.чыгармачылык иштер киргизилди.)

  1. Көбүрөөк практика жана окуурмандык. Көлөмдүү повесть, романдарды окутуу учун сабактын салттуу эмес – эксперименттик иштелмелери аркылуу (теманы жаңылабай туруп) «альтернативдүү программалоого» туура келди. М: 11-кл. Ч. Айтматовдун «Кыямат» романын окутуучу программа менен эксперименттик иштелмени салыштырсак;
      Программада:        Иштелмеде:
1.«Кыямат» романы – 1 саат

2.Табияттын бүтүндүгү жөнүндө ой Бостондун жан-дүйнөсу – 1 саат

3.Карышкырлар темасынын көркөм чечмелениши – 1 саат

4.Акбара менен Ташчайнар трагедиясы – адам баласына эскертүүнүн берилиши – 1 саат болсо,

1.«Кыямат» романы: таяныч-каражат жана өзөк окуялар – 2 саат

 

2.Китептен окулуучу абзацтар – 1 саат

 

3. «Тексттик сөз тизмектери» жана тест – 1 саат болсо,

Анда:      программа бул – «Кыямат» романын журналга өткөрүп жазылчу, мыйзамдуу темалары болот.Анда:   иштелме бул —  «Кыямат» романын окутуунун альтернатив программасы болот.

Мыйзамдуу программа «Кыямат» романынын 3-бөлүмүндөгү темалардан түзүлсө, альтернатив иштелме: баш-аягы толук (А.Каллистратов, анын Координатор-Ата менен диалогу, Исустун соттолушу, «Крипт» капелласы, Моюнкум трагедиясы, «Хунта», «Халхин-Гол» топтору, Жалпак-Саз станциясы, Инга Федеровна менен сүйүүсү, ыйманга чакыруусу ж.б.) сюжетти камтыйт. Анын 1-2 сааты – таяныч-каражат менен өзөк окуяларды окутууга жумшалып – мугалимдин иш-аракети күчтүү, бул учурда окуучулар романды кабыл алып – чиет, жазат, угат. 3-4-саатында окуучулардын иш-аракети күчтү, бул учурда мугалим – жооп алат, байкоо жүргүзөт, жыйынтыктайт. Иштелмеде өзгөчө ыкмалар бар. М: «Тексттик сөз тизмектери» — окуучуларга романдын сюжетин баяндатса, «Китептен окулчу абзацтар»  — романды изилдетип, тыянак чыгартат. Мында роман көбүрөөк окулуп, практика басымдуу.

3.Текст жана грамматика. «Альтернатив программанын» дагы бир артыкчылыгы – ар кандай чыгарма текстин «грамматикалык машыктыруучу каражат» катары пайдалануу мүмкүнчүлүгү болду. М: «Чыгарма текстиндеги сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр» (9-кл) деген темадагы класстан тышкаркы окуу үчүн окуучулар:

  1. Эрлан: Марк Твендин «Хеклберри Финндин жоруктары» китебин;
  2. Нурболот: Лора Инголс Уадердин «Прериядагы үй» китебин;
  3. Айтурган: Б.Чотурованын «Ак булуттар алып кеткен А. Керимбаев»;
  4. Элнура: Кетрин жана Жан Петерсондун «Таш жүрөк» китебин;
  5. Сауле: В. Горячиктин «Смех Куйручука» (орус тилинде) китебин;
  6. Марат: А. Эркебаевдин «Жаныш-Байыш» эпосун;
  7. Нурзат: Пем Муньос Райандын «Кыялкеч Эспаренса» китебин;
  8. Элдияр: Проспер Мераниндин  «Кармен» опера- спектаклин;
  9.   Феруза:  Жек Лондондун «Ак азуу» китебин;
  10. Айгерим: Абайдын ыр (казак тилинде) китебин;
  11. Бурмагул: «Боз үй жөнүндө маалымат» (Астед уюму) колдонмосун окуп, тексттен каратма, киринди, сырдык сөздөр катышкан сүйлөмдөрдү жыйнап, тыныш белгилерин үйрөнүшкөн. Бул машыгуу сабаттуулукту жогорулаткан.

Ал эми « Кандай гана мыкты идеал жазуучу» (11-кл) деген темада окуучулар Ч.Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романы боюнча форматтык-презентацияга даярданып, тексттен илимий – көркөм — публицистика каражаттарын терминдик топтоп колдонуу менен лексикалык сөз корун байытышкан.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер