АЧЫК АСМАН АЛДЫНДАГЫ ООЗ АЧУУ

  • 04.04.2023
  • 0

3-апрелде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде ыйык орозо айынын урматына ачык асман алдында ооз ачуу кечеси уюштурулду. Мындай саамалык аталшган окуу жайда экинчи ирет өттү.

АЧЫК АСМАН АЛДЫНДАГЫ ООЗ АЧУУ

Кечеге КРнын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы, КРнын Жогорку Кеңешинин депуттары, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинен ѳкүлдѳрү, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлдѳрү, министрликтердин өкүлдөрү, дипломатиялык өкүлчүлүктөр, маданий жана коомдук ишмерлер, студенттер жана басма сөз өкүлдөрү чакырылып,  маданий иш-чаралар менен коштолду.

Ыйык орозо айы биримдиктин жана ынтымактын символу. Ачык асман алдында бирге ооз ачуу саамалыгы — өз ара диалог куруу, бири-бирин таануу, достук жана бир туугандык атмосферасында өз ара байланыштарды чыңдоого салым кошот.

Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер