КАМКОР РЕКТОР

  • 10.04.2025
  • 0

Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Ж. Ж. Турсунбаев Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы М.Разаков атындагы жетим балдар жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдар интернатынын 11-классынын окуучусу Номан кызы Айдана менен жолугушту.

КАМКОР РЕКТОР

Жолугушууда ректор Ж.Ж.Турсунбаев окуу жайды тандап алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, университет туурасында кеңири маалымат берди. Ректор эстелик үчүн белектерди берип, кең келечек каалады.

Номан кызы Айдана аталган мектептин алдыңкы окуучусу, жетишүүсү мыкты, коомдук иштерге активдүү катышат. Ал ректор Ж.Ж.Турсунбаев менен жолугушуу учурунда жогорку билим алуу үчүн Ош технологиялык университетинин “Архитектуралык чөйрөнүн дизайны” адистигине окууга тапшыраарын жана учурда ЖРТга даярданып жаткандыгын айтып өттү. Жолугушуудан соң Айдана университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты.

Ош технолгиялык университети мектептерди аяктап жаткан мыкты абитуриенттерди кабыл алууга эшиги ар дайым ачык. ОшТУда окуган студенттер сабактан кийин англис, корей, кытай, орус тилдерин акысыз үйрөнүп, спорттук ийримдерге катышса болот.КАМКОР РЕКТОР

 

Бөлүшүү

Комментарийлер