ЖОЖдорго КАБЫЛ АЛУУНУН III ТУРУ БАШТАЛДЫ
- 29.07.2024
- 0
Бүгүн жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру башталды. Ал 31-июль саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.
ЖОЖдорго кабыл алуунун I жана II турунда жалпы 44 миң 438 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга – 16 миң 402, контракттык негизде окууга – 28 миң 36 талон түштү.
II турдун жыйынтыгы менен ЖОЖдорго 20 миң 342 абитуриент кабыл алынды.
Ушул тапта эң көп абитуриент кабыл алынган ЖОЖдор:
- Кыргыз улуттук университети – 3552,
- Ош мамлекеттик университети – 2951,
- Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 2565,
- Кыргыз мамлекеттик университети – 1502,
- Кыргыз-Россия Славян университети – 1470,
- Бишкек мамлекеттик университети – 1380,
- Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 836.
Эскерте кетсек, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу V тур менен жүргүзүлөт.
Эльвира Какиева, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер