АБАДАН СУУ АЛГАН ЖАБДЫК ОЙЛОНУП ТАБЫЛДЫ

  • 25.01.2023
  • 0

Айдарали уулу Эрнист Баткен мамлекеттик университетинин 1-курстун студенти, IT багытында билим алат. Ал бүгүнкү  күндө дүйнө жүзүндө эң чоң көйгөйлөрдүн бири болгон суу маселесин чечүү максатында абадан суу алган жабдык ойлоп тапты.  

   АБАДАН СУУ АЛГАН ЖАБДЫК ОЙЛОНУП ТАБЫЛДЫ

Эрнист мектепте окуп жүргөн кезинде эле илим, техника, робототехника боюнча республикалык деңгээлдеги конкурстарга бир нече жолу катышып, алдыңкы орундарга жетишкен. Кичинесинен эле үйдөгү керексиз материалдардан үйлөрдүн макетин жасап, ичине жарык орнотуп, түрдүү нерселерди ойлоп таап жасай берчү. Ошондон улам техникага кызыгып баштаган. Айтымында, белгилүү миллионер Илон Масктын “Башкалар ойноп жүрсө сен билим ал, изден, аракет кыл, кийин ошол ойноп жүргөн балдарды компанияңа жумушка аласың” деп айткан сөзүнө таасирленип, өзү теңдүү балдар көчө сапырып ойноп жүрсө, ал үйүндө изилдөө менен алек болчу. Эшикке кээде гана энергия алуу үчүн чыкчу. Ал кезде азыркыдай уюлдук телефону  жок болгондуктан, интернет булактарынан даяр жоопту, багыттамаларды  карап алууга шарты болгон эмес.  Мындан улам, ар кайсы техникалардын ичин ачып көрүп, кантип жасалганын, кандай процесс менен иштерин, кандай пайдасы тиери тууралуу суроолоруна жооп алчу.

АБАДАН СУУ АЛГАН ЖАБДЫК ОЙЛОНУП ТАБЫЛДЫ

  • Бир нерсе жасасам сөзсүз түрдө бир жери туура эмес коюлуп калат же иштебей калат. Кээ бир учурда жасап бүтүп жатканда күйүп да кетет. Анан кайра башынан баштап жасаганга туура келет.  Ошентип отуруп колумду кесип алган күндөр көп болду. Мени көргөн ата-энем аяп, кээде  “кой балам, эмне кыласың, пайдасы жок немеге…” деп өнөрүмө каршы чыккан күндөрү да болгон. Бир жолу кымбат унаанын чоң макетин каробкадан жасаган элем.  15 күн бою мээнет менен жасап бүтсөм, колдонгон клейим күндүн ысыгынан ээрип кетип, 15 минутада эмгегим жараксыз болуп  калган. Тажрыйбамда бул сыяктуу катачылыктар  көп болгон. Бирок аларга өкүнбөй, терикпей,  тескерисинче каталарымды оңдоп отуруп бир топ тайжырба топтой алдым. Үмүтүмдү үзүп,  өнөрүмдү таштап койбой ушул күнгө жеттим, — дейт студент.

Жаш ойлоп табуучу бул сапар абадан суу алуучу жабдык ойлоп тапты. Бул идея — эгин талааларындагы суунун тартыштыгынан, климаттын өзгөрүшүнөн улам пайда болгон. Долбоорду иштеп чыгардан мурда бир ай бою пайдасы менен зыянын изилдеп, анан үч ай мурун бир жуманын ичинде макетин жасаган. Жабдык абадагы суу малекуласын өзүнө топтоп, фильтр аркылуу көлөмүнө жараша суу чыгарат. Мисалы,  бир сутканын ичинде бир тонна суу топтоп алып, эки гектар жердеги эгинди туруктуу суу менен камсыз кылса болот. Күндүн нурунан электр энергиясын алып иштейт. Экологияга эч кандай зыянын тийгизбейт.

  • Климаттын өзгөрүүсүнөн улам тоолордогу мөңгүлөр азайып, айыл жерлеринде суу жетпей калып жатат. Эксперттердин айтымында, чек арадагы жаңжалга да суу ресурстары себеп болду. Мөңгүлөр ээрисе жакырчылык, согуш чыгуусу мүмкүн. Ушул көйгөйлөрдү жеңилдетүү максатында абадан суу алуучу жабдыкты сунуштайм. Кээ бир адамдарда “Бул жабдык абадагы нымдуулукту жоготуп салбайбы? Климатка, экологияга зыяны тийбейби” деген суроолор жаралышы ыктымал. Жабдыктын экологияга эч кандай зыяны жок, тескерисинче, абаны бирдей температурада сактап берет. Жабдыкка орнотулган фильтрлер абадагы майда микробдорду тазалап бере алат. Буга чейин көптөгөн ММКга интервью берип, жыйынтыгында колдоо көрсөтөм деген демөөрчүлөрдү дагы таба алдык. Ушул жылы күнүнө бир тонна суу топтоочу жабдыктын чоң көлөмүн жасап, кургак жерге алып барып өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн иштетип көрөбүз.  Анын жыйынтыгы жакшы чыгат деген үмүттөбүз. Келечекте бул жабдыкты ар кандай көлөмдө жасап, элге арзан баада сатып, жайылтуу — башкы максатым. Талантыма колдоо көрсөтүп келе жаткан ата-энеме жана Баткен мамлекеттик университетинин ректору Гыязов Айдар агайга, колдоо көрсөтүп, багыт берген Абдипатта уулу Жумабек агайыма ыраазычылык билдирем, —  дейт ойлоп табуучу.

АБАДАН СУУ АЛГАН ЖАБДЫК ОЙЛОНУП ТАБЫЛДЫ

Жабдыктын макети ар кандай тетиктерден куралган. Мисалы, компьютердин кыймылдаткычы, радио-техникаларда колдонуучу элементтер ж.б. Керектелүүчү тетиктерди Кыргызстандан эле тапса болот. Азыркы жасалган макети күнүнө 100 грамм сууну өзүнө топтой алат. Салмагы 750 граммды түзөт. Эгерде чоң көлөмдө жасай турган болсо, салмагы орточо эсеп менен 300 кг чейин жетет.  Чоң көлөмдө жасалса көбүрөөк суу алып, фильтр аркылуу тазалап ичүүчү суу катарында дагы колдонсо болот. Ар кандай температурада, климатта иштей бергендиктен, өлкөбүздүн бардык аймагында иштетүүгө ыңгайлуу.

Мындай пайдалуу табылганы иштеп чыгуу Эрнистке оңойго турган жок.  Жөнөкөй эле тетиктерди сатып алууда сатуучулар менен пикир-келишпестиктер орун алган. Себеби өтө сейрек кездешүүчү тетиктердин  кайда сатыларын көп сурап жатып,  сатуучунун “башын оорутканын” айтат.  Бирок, кыйынчылыктарга моюн сунбай алдыга койгон максатына жетүү үчүн аракетин токтоткон эмес.

Жаш ойлоп табуучу буга чейин элүүгө жакын долбоордун үстүндө иштеген.  Алсак, “акылдуу үй”, “акылдуу күнөскана”, “лунаход”, “робот шахтёр”, “адам робот”. Мисалы, адам робот адамзаты кире албаган, өмүрүнө коркунуч жарала турган жерлерге кирип, өрттү өчүрүп, ичинде адам барбы же жокпу, ичинде жайгашкан камера аркылуу көрсөтүп берет.  Жарылуучу заттарды алдын ала билип, өчүрө алат.

  • Мурда бир робот жасасам, башкаруучу пультун кошо жасачу элем. Азыр робототехниканын өнүгүүсүнөн улам жабдыктарды телефон аркылуу эле башкарып калдык.  9-класста окуп жүргөнүмдө робототехника курсунда үч ай окуп, жаңы техникаларды жасаганды үйрөнгөм. Азыркы учурда техника күн сайын өнүгүп-өсүүдө. Андыктан күн сайын жаңылыктарга чыккан техникаларды көрүп турам, окуудан сырткары техника боюнча видеолорду көрөм, —  дейт Эрнист.

Келечекте элге керектүү, кайсыл бир муктаждыгын жеңилдеткен техникаларды ойлоп чыгуу планында бар. Анын бири —  автокырсыкты алдын ала сезүүчү жабдык. Айдоочу жолдо уктап калса ойгото турган акылдуу табылгаларды ойлонууда. Техниканын өнүгүүсүнөн улам көпчүлүк эл  жалкоо болуп бара жаткандыгын, бирок, техниканы туура пайдаланып,  зыянын эске алуу менен  жашообузду бир топ  жеңилдетүүгө болорун айтат.

                                                    Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер