А.Бейшеналиев: “СТУДЕНТТЕР УНИВЕРСИТЕТТЕН ЭЛЕ ӨЗҮНҮН ФИРМАСЫН АЧА АЛАТ”

  • 05.04.2022
  • 0

Жогорку окуу жайларда студенттик стартап мамлекеттик программасы ишке кирет. Ал үчүн университеттердин алдында бизнес-инкубаторлор, коворкинг (coworking – биргелешип иштеген) борборлор ачылуусу керек.

А.Бейшеналиев: “СТУДЕНТТЕР УНИВЕРСИТЕТТЕН ЭЛЕ ӨЗҮНҮН ФИРМАСЫН АЧА АЛАТ”

Стартап — бул кандайдыр бир идеяга негизделген, ишке ашыруу үчүн каржылоону талап кылган коммерциялык долбоор. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев окуу жайлардын ректорлору менен болгон жолугушууда бул идеяны ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан тийиштүү каражат бөлүнүп жатканын айтып,  ар бир окуу жайга өзүнүн профилине жараша  технопарктарды, инкубаторлорду ачууну тапшырды.

  • Бул дагы мезгил талабы болуп жатат. Азыр студенттердин потенциалын университет жана коом үчүн колдонуу зарыл. Колдон келсе, айрыкча, экономика жана финансы кафедралары барлар ушул ишти биринчи башташы керек. Андан сырткары ар бир окуу жай өзүнүн профилине жараша же технопарктарды, же инкубаторлорду ачуусу зарыл. Мисалы, И.Арабаев атындагы КМУнун ушул биз отурган залы студенттер үчүн жакшы бир инкубатор болуп берет. Ушул жерде бир эле учурда жүздөгөн, миңдеген адам окуп, иштеп, жыйналыш өткөрүп, идеяларын ишке ашырса болот. Ачылган инкубаторлор WiFi тийиштүү техникалык каражаттар, эмеректер менен камсыздалышы керек. Кечки саат алтыда эле жаап салбай, керек болсо түнгө чейин студенттерге ачып берип, идеяларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүү зарыл. Ар бир студент мындан кийин дипломдук иш жазгандын ордуна 2-курстун башынан баштап өзүнүн идеясынын стартабын, башкача айтканда, фирмасын, компаниясын негиздеши керек. Үч, беш студент биригип да иштесе болот. Ошонун негизинде студенттердин жүздөгөн, миңдеген компанияларын, фирмаларын негиздеп, аларды университеттердин астында субкомпания кылып ачса болот. Булар эч кандай салык төлөбөйт, өз алдынча иш алып барат. Ушул идеялардын негизинде чыныгы бизнес чөйрөсүндө жүргөндөрдү да тартып, студенттерге кантип бизнес ачыш керектигин, ал үчүн кантип долбоор жазса боло тургандыгын, идеяны кантип реалдуулукка ашырса боло тургандыгын үйрөтөбүз. 3-4 жылдын ичинде ошол студенттердин стартаптары университеттерден бөлүнүп чыгып, жашоодо чыныгы фирмаларга айланышы керек. Жакшы идеяларды ишке ашыруу үчүн мамлекет 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин кредиттик негизде колдоо көрсөткөнгө даяр, — дейт министр.

Алмазбек Бейшеналиев студенттердин идеялары үчүн Дүйнөлүк банктан  дагы октябрь айынан баштап төрт миллион АКШ доллары кредит катары бериле тургандыгын айтып, министрликтин тийиштүү башкармалыгына   бир канча окуу жайлар менен иштешип, 31-август – Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата миң студенттик стартапты ишке киргизүү тапшырмасын берди.

  • Бул мамлекеттин эгемендүүлүгүнө карата ЖОЖдордун белеги болушу керек. Өзүңүздөр билесиздер, Кембридж университети он жылдын ичинде, 2001-2011-жылдардын аралыгында ушундай идеяны ишке ашырып, миңдеген фирма университеттен бөлүнүп чыгып, өз алдынча иштеп кетти. Ошол эле учурда миңдеген фирма кайра эле жабылып калды. Бул жактан студенттер жок дегенде фирма ачканды, анан аны кайра жапканды үйрөнөт. Эч нерсеге жарабаган дипломдук иштерди жаздыргандын ордуна, ушундай реалдуу салым кошкон иштерди жасашыбыз керек. Бул ишти ишке ашырууда тажрыйба топтоо үчүн мамлекеттик  он окуу жайдын — КУУ, КУАУ, КММА, КМТУ, ОшМУ, Нарын МУ, ЫМУ, ЖАМУ, БатМУнун  жетекчилери менен апрель айынын аягында АКШга иш сапарга чыгып келебиз. Андан кийин гуманитардык университеттердин жетекчилери менен август айында Венгрия, Эстонияга, техникалык багыттагы окуу жайлар менен Түштүк Кореяга жай айларында иш сапарга барып келебиз. Жеке менчик университеттер болсо өз алдынча изденүү менен инкубаторлорду негиздеп, стартаптарды ишке ашырышы керек, — дейт Алмазбек Бейшеналиев.
Бөлүшүү

Комментарийлер