А.Бейшеналиев: “КОНЦЕПЦИЯ МАМЛЕКЕТКЕ ПАЙДАЛУУ, ИШКЕ АШЫРУУГА РЕАЛДУУ ДОКУМЕНТ БОЛУШУ КЕРЕК”

  • 23.04.2021
  • 0

22-апрелде И. Арабаев атындагы КМУда Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2021-2030-жылдарга карата өнүктүрүүнүн концепциясы талкууланды.

Концепциянын долбоору буга чейин эки жолу талкуудан өткөн. Бул жолу жыйынтыктоочу катары болуп, ага практик мугалимдер, окутуучулар чакырылды. Талкуу онлайн форматта да уюштурулуп, алыскы аймактардагы кайдыгер эмес агартуучулар аралыктан сунуш-пикирлерин беришти.

  • Тарбияга айкалышкан өзүбүздүн билим берүү концепциябыз болушу керек. Концепцияны жазуу иши 2018-жылы эле башталган. Буга чейин илимий чөйрөдө да талкууланды. Бүгүн акыркы ирет талкуулап жатабыз. Атайын практиктер чакырылды. Бүгүнкү айтылган сунуш-пикирлерди, толуктоолорду эске алуу менен акыркы вариантын иштеп чыгып, 6-майда өтө турган Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясына алып чыксак деген планыбыз бар. Буюрса, расмий документ кылып бекитип алсак, билим берүү тармагы ушул концепциянын негизинде иш алып барат, — дейт министр Алмазбек Бейшеналиев.

Концепциянын негизги өзгөчөлүгү анын кадамдарга, жаш курагына жана билим берүүнүн этаптарына жараша бөлүштүрүлгөндүгүндө. Мектепке чейинки, мектептик, кошумча, баштапкы кесиптик, орто кесиптик, жогорку кесиптик билим берүү болуп бөлүнүп, илим тармагы, мугалимдин кадыр-баркы, окуу китептери, көп тилдүү билим берүү, тарбиялоо процесси, инклюзивдик билим берүү, билим берүү системасын каржылоо сыяктуу бөлүмдөр камтылды.

  • Кечээ жакында министрликтин алдыга койгон үч жылдык программасы менен коомчулукту тааныштырдык. Концепция ошол программа менен жана 2040-жылга карата түзүлгөн стратегия менен шайкеш келет. Бул долбоордо иштеген илимпоздорго, эксперттерге ыраазычылык билдирем. Бүгүн Эсенбек Мамбетакунов өңдүү корифейлер он лайн катышып жатат. Сиздерден дагы жакшы сунуштарды күтөбүз. Ой-пикирлерди ачык айтып, мамлекетке пайдалуу, ишке ашырганга реалдуу бир документ чыгарабыз деп ишенем, — дейт министр өз сөзүндө.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер