88 ТАЛАПКЕР БОСОГО БАЛЛДАН АШТЫ

  • 17.10.2024
  • 0
Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустары жана Бишкек шаары боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурска катышкан 88 талапкер белгиленген 60 % босогодон өтүштү, анын ичинде:
— Бишкек шаарында – 42;
— Чүй облусунда – 26;
— Талас облусунда – 8;
— Ысык-Көл облусунда – 6;
— Нарын облусунда – 6.
88 ТАЛАПКЕР БОСОГО БАЛЛДАН АШТЫ
Сынакка катышуу үчүн жогоруда аты аталган облустар жана Бишкек шаары боюнча жалпысынан 326 документ катталган. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча 207 (63,5%) документ тестирлөөгө катышууга уруксат алды, 119 (36,5%) документ жободогу белгиленген талаптарга жооп бербейт деп табылды.
Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча сынакка катышкан 198 талапкердин ичинен 88 талапкер 60 % дан жогору көрсөткүч менен босого баллдан өтүштү. Бул катышуучулардын жалпы санынын 44,4 % түздү.
Бөлүшүү

Комментарийлер