75СТУДЕНТ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯГА ЭЭ БОЛДУ

  • 25.12.2023
  • 0

23-декабрда өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты 75 студентине Президенттик стипендия тапшыруу аземи болуп өттү.

75СТУДЕНТ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯГА ЭЭ БОЛДУ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган, ата салты менен нарк-насилин барктаган, билимге сугарылган, Мекенин сүйгөн жаштар — биздин келечегибиз экенин баса белгиледи.

 

Мамлекет башчысы биздин билим берүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн туруктуу ишмердүүлүктү камтыган комплекстүү иш-чараларды ишке ашырууну колдойт. Мамлекет мындан ары да билим берүү, илим багытын өнүктүрүү үчүн жаңыча ыкмаларды иштеп чыгуу процессин жана илимди түздөн-түз жашообузда пайдаланууну ишке ашыра турган ынанымдуу далилденген багыттарга да өзгөчө көңүл бурат.

75СТУДЕНТ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯГА ЭЭ БОЛДУ

Президент Садыр Жапаров студенттерге ийгилик жана жетишкендиктерди каалап, 60 миң сом өлчөмүндө Президенттик стипендия тапшырды.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, стипендия алуу үчүн 32жогорку жана орто окуу жайдан 210 талапкер документ тапшырган. Өз алдынча көз карандысызх комиссия түзүлүп, окуудагы жетишкендиктери, коомдогу ийгиликтүү позициялары, илимий публикациялары, жаратмандыгы эске алынып, өзүн мыкты көрсөткөн 75 студент тандалып алынды.

Буга чейин мыкты студентттерге 50миң сомдон стипендия берилип келген.

 

Президенттик стипендия алган мыкты студенттер:

  1. Абдыкадыров Ильгиз Абдимиталович
  2. Айбекова Адэлия Айбековна
  3. Айдарбекова Малика Айдарбековна
  4. Акылбекова Аяна Акылбековна
  5. Алиев Захид Бекзадаевич
  6. Алмаматов Илиязбек Мыйманбаевич
  7. Амангельди кызы Хан-Айым
  8. Аристова Анастасия Игоревна
  9. Аскаралиева Аяна Аскаралиевна
  10. Баетова Айгерим Баетовна
  11. Байышбек уулу Бектур
  12. Бекболотов Сталбек
  13. Болотова Адинай Максатовна
  14. Бердибек кызы Жаркынай
  15. Дамиров Алтай Дамирович
  16. Джалалов Шайхидин Ниъматович
  17. Досалиева Алия Таалайбековна
  18. Жакшылыков Кабакбай Бактыбекович
  19. Жамалдинова Бегимай Жамалдиновна
  20. Жанибекова Кызжибек Таалайбековна
  21. Жолой уулу Кайрат
  22. Жолчуева Алина Асановна
  23. Жылдызбеков Эрлан Жылдызбекович
  24. Заирбекова Аяна Заирбековна
  25. Залкарбек кызы Асель
  26. Исмаилова Каухар Кубатовна
  27. Кадырова Айсалкын Суюндуковна
  28. Каныбекова Аделя Толкунбековна
  29. Касымбек кызы Амина
  30. Келдибек кызы Каныкей
  31. Кислов Илья Алексеевич
  32. Көчөрбаева Салима Уланбековна
  33. Кочкорбаева Эльнура Эмилбековна
  34. Кубатбек кызы Зарина
  35. Кузиева Изозахон Низомжоновна
  36. Кулмурзаева Роза Алмазбековна
  37. Кумон кызы Жанара
  38. Курманали кызы Айзирек
  39. Курманбекова Акылай Курманбековна
  40. Кыдырова Асель Сатындыевна
  41. Майрамбек уулу Шумкарбек
  42. Маликова Айсанат Мирлановна
  43. Маматова Айтурган Абдилашимовна
  44. Мамытова Сезим
  45. Муратова Айпери Муратовна
  46. Марсбекова Айдай Марсбековна
  47. Нурбек кызы Айпери
  48. Нурдинова Алтынай Максатбековна
  49. Нурматова Сайкал Бакытбековна
  50. Ойозбекова Айдаана Ойозбековна
  51. Өмүрова Айгерим Темирбековна
  52. Орозова Нурай Бакытбековна
  53. Райымбердиева Тунук Түгөйбековна
  54. Рахманалиева Миргүл Рахманалиевна
  55. Сагынбек кызы Айданек
  56. Сагынбекова Гүлжамал Уланбековна
  57. Садирдинов Руслан Нурланбекович
  58. Салморбек уулу Ырыскелди
  59. Самакова Алина Эрмековна
  60. Сапарбек Нуржаз
  61. Сапарбекова Алина Владимировна
  62. Сулайманов Амангелди Дастанович
  63. Сулайманов Жанат Женишевич
  64. Сыдыкова Каныкей Кубанычбековна
  65. Талантбекова Эльнура Талантбековна
  66. Тилебалдыева Бермет Асадбековна
  67. Токтобаева Малика Алмазовна
  68. Толобаева Дильфуза Таалайбековна
  69. Турапов Айдарбек Актанович
  70. Улан кызы Сырга
  71. Усенакунова Алима Айбековна
  72. Чолпонкул кызы Мираида
  73. Шишенина Татьяна Николаевна
  74. Эмилбеков Кеңешбек Эмилбекович
  75. Эртабылды кызы Даткайым

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер