7 МУГАЛИМГЕ “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМИ” АРДАКТУУ НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ
- 28.12.2023
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 7 мугалимге “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” деген ардактуу наамы ыйгарылды.

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” деген ардактуу наам:
| Алишов Абдуллага | – | Ош облусунун Кара-Суу районунун Х. Таширов атындагы № 72 орто мектебинин дене тарбия мугалими; |
| Алымбекова Токтобүбүгө | – | Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригород жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими; |
| Бегалиева Шайырга | – | А. Каниметов атындагы № 1 жалпы билим берүүчү гимназия- интернатынын ардагери, Бишкек шаары; |
| Дооранова Фаридага | – | Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин биология мугалими; |
| Дуйшеналиева Райкан Абдиловнага | – | Чүй облусунун Чүй районунун Маданият айылындагы Б. Маленов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими; |
| Кайдылдаева Гульнарага | – | Нарын облусунун Нарын шаарынын В.П. Чкалов атындагы № 2 мектеп- гимназиясынын башталгыч класстардын мугалими, директордун орун басары; |
| Салиев Абдилдага | – | Ош облусунун Ноокат районунун Токтогул атындагы санаториялык мектеп-интернатынын ардагери; |
Бөлүшүү
Комментарийлер