6 –АПРЕЛЬ ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ КҮНҮ: КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН СПОРТЧУЛАР

  • 06.04.2024
  • 0

6 –АПРЕЛЬ ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ КҮНҮ: КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН СПОРТЧУЛАРБүгүн, 6-апрель  Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы!

Билим берүү тармагында эмгектенген дене тарбия мугалимдерин, спорттук мектептеринин жана  ийримдердин машыктыруучуларын, өлкөбүздү дүйнөгө таанытып жатышкан студент спортчуларды, дене тарбияга, спортко эмгек сиңирген ардагерлери майрамы менен “Кут Билим” медиа борборунун атынан куттуктайбыз!

Эгерде мурда дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин майрамы, сентябрь айынын акыркы ишембисинде белгиленип келсе, быйыл алгачкы жолу жазында тактап айтканда 6-апрелде белгиленип жатат. Анткени Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясынын кабыл алган резолюциясына ылайык, 6 – апрель Эл аралык спорт күнүн өткөрүүдө кызматташуу күнү деп аталган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 11 – январындагы №18 токтомунун негизинде, 6 – апрель дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү деп белгиленген.

6 –АПРЕЛЬ ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ КҮНҮ: КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН СПОРТЧУЛАРСпорт кайсы жерде, кайсы учурда болбосун, улуту, дини жана саясий көз карашы ар башка болгон адамдардын, дене тарбия менен спортко кайдыгер карабай, сергек жашоону көздөгөндөрдүн башын бириктирип, эл достугуна көпүрө болуп, мекенчилдик сезимдерди  арттырат.

Дегеле ден соолукка кам көрүп, машыгууну көндүмгө айлантуу баарыбызга күч-кубат, жарашыктуу, сымбаттуу келбет берип, сергек ой жүгүртүүгө да өбөлгө болот.

Өлкөбүздүн эл аралык коомчулуктагы, дүйнөлүк алкактагы кадыр-баркын көтөрүүдө спорт тармагынын өз орду тоодой.

6 –АПРЕЛЬ ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ КҮНҮ: КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН СПОРТЧУЛАР

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Биздин спортчуларыбыз көптөгөн эл аралык мелдештерде, анын ичинде Азия оюндарында, Олимпиада, Паралимпиада оюндарында мамлекетибизди татыктуу таанытып, кыргыз туусун бийик желбиретип келе жатат. Совет доорунда кыргызстандык 25 спортчу жайкы олимпиадалык оюндарга катышып, 17 байге, анын ичинде 11 атын, 4 күмүш, 2 коло медаль утуп алышкан.  Алардын ысымдарын сыймык менен атай кетели. Олимпиада чемпиондорубуз гандболчу Владимир Максимов, оор атлетчи Каныбек Осмоналиев, мерген Александр Мелентьев, чабандес Александр Блинов, жеңил атлетчилер Татьяна Колпакова, Николай Чернецкий, Мария Кулчунова, футболчу Сергей Фокин, волейболчу Татьяна Сидоренко, гандболчу Талант Дүйшөбаев, баскетболчу Елена Баранова олимпиадалык алтын медалдардын ээлери болушкан.  Күмүш байгенин ээлери чабандес Александр Блинов, велоспортчу Александр Панфилов, волейболчу Татьяна Сидоренко, волейболчу  Валерий Лосев утуп алышкан. Даңазалуу жөө күлүк, марафончу Сатымкул Жуманазаров менен фехтования чебери Александр Абушахмедов коло байгелүү болушкан.

6 –АПРЕЛЬ ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ КҮНҮ: КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН СПОРТЧУЛАР6 –АПРЕЛЬ ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ КҮНҮ: КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН СПОРТЧУЛАР6 –АПРЕЛЬ ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ КҮНҮ: КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН СПОРТЧУЛАР6 –АПРЕЛЬ ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ КҮНҮ: КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН СПОРТЧУЛАРЭгемен өлкө болгону 1996-жылы Атланта олимпиадасына  Кыргызстан өз желегин көтөрүп, өз алдынча команда болуп катышып, эл аралык аренада эгемендүү мамлекет катары таанылган. Атланта олимпиадасынан бери 7 жайкы оюндарга Кыргызстандан 180 спортчу катышып, 3 күмүш, 4 коло байге утуп алышканы менен алтын медалга жетпей келатышат. Күмүш байгелерди балбандар Канатбек Бегалиев, Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова утса, коло медалдарды Руслан Түмөнбаев, Айдың Смагулов, Базар Базаргуриев жана Мээрим Жуманазарова тагынган.

6 –АПРЕЛЬ ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ КҮНҮ: КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН СПОРТЧУЛАР6 –АПРЕЛЬ ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ КҮНҮ: КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН СПОРТЧУЛАР6 –АПРЕЛЬ ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ КҮНҮ: КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН СПОРТЧУЛАР

6 –АПРЕЛЬ ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ КҮНҮ: КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН СПОРТЧУЛАР

WW 68kg — Meerim ZHUMANAZAROVA (KGZ)

Ошондуктан быйыл Париж шаарында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарда 30 жылдан ашуун убакыттан бери спорт күйөрмандары, кыргыз калкы күткөн алтын медалдарды балбандарыбыз жана спортчуларыбыз утуп алышаарына үмүт кылып турушат.

Мындай демдүү, күчтүү, таланттуу спортчуларыбыздын катары арбып жаткан маалда спорттук инфраструктураны жакшыртууга, жогорку квалификациялуу адистерди, насаатчыларды жана мугалимдерди даярдоого абдан көңүл буруубуз зарыл.

Жашына жана кесибине карабастан, ар бир адам сүйүктүү спорту менен машыгуусуна шарт түзүү абдан маанилүү. Анткени, спорт жаш -кары дебей алдыга койгон максаттарга өжөрлүк менен жетүүгө, кыйынчылыктарды жеңүүгө үйрөтөт.

Өзүңүздөр билгендей, көп сандаган атак-даңкка жеткен чемпиондорубуз Олимпиадалык оюндардын бийиктигине карай жолун жаштайынан машыгып, мектептердеги спорт ийримдеринде тарбияланып, таалим-тарбия алып, чоң спорттогу байсалдуу жолун башташкан. Албетте, Мекен сыймыктанган мындай азаматтарды, чемпиондорду тарбиялоодо, ийгиликтерди жаратууда дене тарбия мугалимдеринин,  спорт тармагындагы машыктыруучулардын тер төккөн мээнетин баса белгилеп айта кетүүбүз керек.

Соңку жылдары мамлекетибиз ар дайым коомчулукта дени сак улут болууга жана сергек жашоо ыңгайын жайылтууга өзгөчө көңүл буруп келет. Анткени дене тарбия жана спорт тармагынын коомдун жашоо турмушунда ээлеген орду өтө чоң. Спорт менен машыгуу ден – соолукту чыңдайт жана бекем эрк, кайраттуулук, өжөрдүк мүнөзүн тарбиялайт. Ал эми, биздин  спортчуларыбыз Дүйнөлүк чемпионаттарда жана биринчиликтерде жараткан ийгиликтери, жеңиштери  өспүрүмдөрдүн жана жаштардын жүрөгүндө патриоттук сезимдерди ойготуп, мекенчил болууга тарбиялайт.

Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлерине, билим берүү тармагында эмгектенген дене тарбия мугалимдерине,  профессионал студент спортчуларга, дене тарбия жана спорттун күйөрмандарына албан -албан ийгиликтерди, жеңиштерди, узун өмүр жана чың ден – соолук каалайбыз.

6 –АПРЕЛЬ ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ КҮНҮ: КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН СПОРТЧУЛАРКабыл Макешов, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер