5 ЖЫЛДАН АШЫК ИШТЕГЕН БАЛА БАКЧА БАШЧЫЛАР КЫЗМАТТАН КЕТЕТ

  • 29.05.2024
  • 0

Бир кызматтык орунда 5 жылдан ашык иштеген мамлекеттик бала бакча башчылары кызматтан кетет. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы документтин долбоорун Билим берүү жана илим министрлиги сунуштагандыгын билдирди.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү мындай чечимди “Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишин камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө” токтомдун долбоорун карап чыккан соң кабыл алды.

Бул чечимге ылайык, бала бакчаларда жалпысынан 5 жыл жана андан ашык иштеген мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызматынан бошотулду деп эсептелинет.

Андан ары башкаруучу кадрларды тандоо конкурстук негизде жүргүзүлмөкчү.

 

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер