5 МИҢ БӨБӨККӨ ОРУН ДАЯР

  • 06.07.2023
  • 0

5-июлда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун жумушчу тобунун жыйынында долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

5 МИҢ БӨБӨККӨ ОРУН ДАЯР

Жумушчу тобунун жыйынтыктоочу жыйынына билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, министрдин орун басары Аида Рысбаева, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана башка мамлекеттик жана муниципалдык органдардан жумушчу топтун мүчөлөрү, эксперттер жана өкмөттүк эмес уюмдар катышты.

5 МИҢ БӨБӨККӨ ОРУН ДАЯР

№1 чакырыктын алкагында Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин райондорунун жаңы конуштарынын 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарын мектепке чейинки билим берүү кызматтары менен камтууну 2 эсеге көбөйтүү, башкача айтканда 1 миң 577ден 3 миң 154 балага чейин көбөйтүү максаты коюлган.

10-майдан баштап баштапкы курс боюнча окутуу башталып, 1000ден ашуун арыз келип түшкөн. Анын ичинен 779 арыз Бишкек шаарынан келген. Окутуудан 750 катышуучу өтүп, 553 адам сертификатка ээ болду.

237 адам жеке ишкер катары каттоодон өтүп, үй тибиндеги бала бакчалардын ишин баштоого уруксат алды.

Бөлүшүү

Комментарийлер