5-КЛАССТАР ҮЧҮН «ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР» ОКУУ КИТЕПТЕРИ БАСЫЛЫП ЧЫКТЫ
- 08.04.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрү 5-класстар үчүн «Табигый илимдер» предмети боюнча жаңы окуу китептерин кабыл алышты. Китептер “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында басылып чыгып, өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдары үчүн даярдалган.

Маалыматка ылайык, окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде окутулган класстарга арналган. Жалпы тиражы 153 миң 180 нусканы түзөт. Анын ичинен 87 миң 150 нускасы кыргыз тилиндеги мектептер үчүн, ал эми 66 миң 30 нускасы орус тилиндеги мектептерге бөлүнгөн.
Агартуу министрлиги билдиргендей, жаңы басылган окуу китептери жакын арада өлкөнүн бардык аймактарындагы билим берүү уюмдарына жеткирилип, окуу процессинде колдонууга берилет.
Бөлүшүү









Комментарийлер