№5 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ ӨТКӨН “КИТЕП КЕРБЕНИ”

  • 13.02.2024
  • 0

Бишкектеги №5 кесиптик лицейде республикалык илимий методикалык борбору демилгелеген “Китеп кербенинин” алкагында акын С.Сарбалаева жана мугалим Дүйшөнбек Батырбековдун ырлар жыйнагынын ачылышына арналган жолугушуу болду. Ал лицейдин кыргыз тили жана адабияты мугалими Саадат Жайчибекованын демилгеси менен уюштурулду.  

“Китеп кербенинин” кезектеги катышуучулары КР “Кыргыз акын-жазуучулары” коомдук фондунун байкоочу кеңешинин башчысы, кыргыздын белгилүү акыны Сиренкан Сарбалаеванын “Миң кыял”, “Жүрөктөгү от”, “Учкун”, “Белек”, “Кубан бөбөк” ырлар жыйнагынын жана алдыңкы мугалим, бир нече адабий сыйлыктардын ээси Дүйшөнбек Батырбековдун “Жүрөктөгү бурганак”, “Кыргыз жерин барктайлы, бабаларды даңктайлы», “Эстеймин өткөн күндөрдү” аттуу ыр жыйнактарынын ачылышына күбө болду.

№5 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ ӨТКӨН “КИТЕП КЕРБЕНИ”

Жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө лицейдин директору Элеонора Ишекеева бул балдарга арналган китептер бүгүнкү күндө инсандын ички жан дүйнөсүнөн орун алат деген ишенимин билдирип, “Китеп кербенинин” максаты жаш муундарды китеп менен дос болууга, китеп окууга үндөө экенин белгиледи.

Лицейдин окуучулары бул күндүн каармандары менен суроо-жооп иретинде диалог түзүп, өздөрү кызыккан суроолоруна жооп алышты. Ыр сүйүүчүлөргө арналган жолугушуунун соңунда эки акындын обондуу ырлары ырдалып, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды.

№5 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ ӨТКӨН “КИТЕП КЕРБЕНИ”

Балдарга педагог, КР Билим берүүсүнүн мыктысы Дүйшөнбек Батырбеков бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу тема – эне тилине арналган ырын окуп берди.

Эне тилди барктагын

Эне тилди баарыбыз,

Болушунча барктайлы.

Туура сүйлөп колдонуп,

Тазалыгын сактайлы.

 

Улуу кыргыз тилинде,

“Манас” эпос жаралган.

Сөз көлөмү жагынан,

Эң ири деп саналган.

 

Эне тилди сүйгөнүң,

Өз элиңе күйгөнүң.

Унутпасаң тилиңди,

Улут болуп жүргөнүң.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер