“40 РАЙОНДОН 40 ДЕМИЛГЕ” ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

  • 28.10.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жыйынтыгын чыгарды.

Аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, тандоо турунда финалга тандалып алынган 32 долбоордун автору калыстар тобунун алдында өздөрүнүн идеяларын жакташты.

Калыстар тобунун чечими менен төмөнкү авторлор жеңүүчү деп табылды:

Инновациялык долбоорлор боюнча Жанаркан Бакирова (“Бай Дыйкан” биолабораториясын модернизациялоо); Нурсултан Таабылдиев (Сынч блок, сынч панели жана сынч плитасы “Эко 3Д панели”) жана Зулайка Эрмекова (“Дан кыям” долбоору).

Стартап долбоорлор боюнча Анаркуль Султангазиева (“Катуу калдыктарды кайра иштетүү жана жок кылуу боюнча инженердик станция”); Амантур Салымбаев (“Мор чыпкасы”); Жолдош Керимкулов (“Probiotec” долбоору); Эркин Омаралиев (“FoodCraft SL” долбоору); Салтанат Маматбекова (“Jemish_snacks” долбоору).

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер