№ 4 “СОКУЛУК АЛТЫН БАЛАЛЫК” БАЛА БАКЧАСЫНДАГЫ ОКУЯ ТУУРАЛУУ Министрлик БИЛДИРҮҮ жасады
- 10.12.2024
- 0
Социалдык желелерде тарап жаткан 5 жашар кыздын чарчап калгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги төмөнкүлөрдү малымдады.
Аталган окуя 2024-жылдын 22-октябрында Чүй облусунун Сокулук районундагы № 4 “Сокулук Алтын Балалык” бала бакчасында болгон.
Бул факты боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда укук коргоо органдары тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Министрликте окуя тууралуу кабар жетер замат комиссия түзүлгөн. Комиссия аталган бала бакчага барып, тиешелүү маалыматтарды алган жана райондогу бала бакчаларда балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырган.
Бул окуя министрликтин көзөмөлүндө турат жана тергөө иштеринин жыйынтыгы чыккандан кийин кошумча маалымат берилет.
Эске сала кетсек, азыркы учурда ар бир бала бакчада баланын өмүрүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу, зордук-зомбулукту алдын алуу максатында комплекстүү окутуулар, семинарлар өткөрүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте видео көзөмөл уюштуруу колго алынууда.
Комментарийлер