21 МУГАЛИМ НОУТБУКТУУ БОЛДУ
- 30.01.2025
- 0
Ысык-Көл облустук Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицейи республика боюнча алгачкылардан болуп Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан STEM багытындагы 21 мугалимге «Алтын казык» аталыштагы ноутбуктар тапшырылды.
— Билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу үчүн мамлекет башчыбыз Садыр Жапаровдун аракеттерин баалабай коюуга мүмкүн эмес. Бир аз убакыт мурда, мугалимдер мамлекет тарабынан бекер ноутбук алат деген түшкө кирбеген иш эле. Бүгүн болсо, бул реалдуу иш. Караколго жеткиче, чыдамым жетпей ноутбукту ачып, министрликтин санарип багытындагы иштери мактоого арзыйт экендигин белгилеп кетким келди. “Санарип кампада” предметтик мугалимдер үчүн презентациялар, окуу китеби, симуляторлор, 3d моделдер, пландар, көнүгүүлөр жүктөлгөн. Мугалимдин сабакка даярдануусу жеңилдеп, сабакта санарип каражаттарын колдонууга чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Биз тараптан болсо, ар бир класс кабинетте проекторлор коюлуп жатат. “Алтын казык” — аты айтып тургандай, эң жарык жылдыз кыргыз билим берүүсүн бийиктикке чыгарган программа болсун деп төлгө кылалы, — дейт Айзада Апазова.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер