«1916-жыл: тарыхый эс тутум» эл аралык семинары

  • 19.09.2024
  • 0

Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жөнүндө» Жарлыгынын алкагында «1916-жыл: тарыхый эс тутум» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык семинар өттү. Аталган иш-чара И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгын утурлай уюштурулган.

«1916-жыл: тарыхый эс тутум» эл аралык семинары
Иш-чаранын катышуучуларына илимий-изилдөө экспедициясынын негизинде даярдалган 1916-жылдагы бир айылдын тарыхы жөнүндө репортаж сунушталды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин кеӊешчиси, Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиев катышып, Үркүн окуясын өсүп келе жаткан муундар үчүн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында жеткирүү зарылдыгын баса белгиледи.
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева 1916-жылдагы Үркүн трагедиялык окуяларын илимий-изилдөө экспедициясында университеттин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан көп жылдардан бери аткарылып келе жаткандыгына токтолуп кетти.

«1916-жыл: тарыхый эс тутум» эл аралык семинары
Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылынын тургуну, санжырачы Алмазбек Мукаев өз айылынын жашоочулары Үркүндө качып Тоң районунун Көк-Сай айылында көпчүлүгү набыт болгондугу тууралуу маалымат берди.
«Манас» улуттук академиясынын кызматкери Бакыт Романов Кыргызстандын тарыхында Үркүн трагедиялуу тема катары илимий изилдөөгө алынуусу зарыл экендигин баса белгиледи.
К.Карасаев атындагы Бишкек МУнун доценти Рысгүл Жумалиева өзүнүн баяндамасында “Мукай Элебаевдин «Узак жолунда» масштабдуу тарыхый ири окуянын кебетесин кичинекей микрокартина аркылуу кашкайта көрсөтүп, жакшы далилдеген” — деди. М. Элебаев 1916-жылдагы Үркүндүн үрөйдү учурган трагедиялуу жүзүн, падышалык колонизаторлордун кыйынчылыгынын натыйжасын, Кытайга качкан элдин кыямат-кайымын элестеткен беш-алты кичине штрих, деталдар менен гана көз алдыга алып келип койгон. Бир үзүм сүрөт бардыгын түшүнүктүү кылгансыйт”. “Узак жол” романы – адилетсиздикке, теңсиздикке, жакырчылыкка каршы козголоң экендигин дагы бир ирет белгилеп, Ата-Журтта тынчтык болсун, кудай тууган жерден ажыратпасын, ар дайым Ала-Тоодо токчулук болсун деп үн салып турган чыгарма экенин эскертти.

«1916-жыл: тарыхый эс тутум» эл аралык семинары
“Эсимде” изилдөө аянтчасы жана “Тосор” коому уюштурган «Үркүн» эскерүү жүрүшүнүн катышуучусу Гүлзат Алагөз “1916-жылды эскерүү тажрыйбалары” аталышында маанилүү презентациясында 1991-жылдан бери аткарылып келе жаткан Эскерүү жүрүштөрдү чагылдырган фотоматериалдар, мамлекет тарабынан жана жеке демилгелер менен орнотулган эстеликтер тууралуу баяндады.
Голландияда картография боюнча PhD докторантурада билим алып жаткан картограф Талгат Жумашев онлайн форматта “Чоң Үркүндөгү эл качкан маршруттар” аталышында өзүнүн илимий изилдөөлөрү менен бөлүштү.

«1916-жыл: тарыхый эс тутум» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык семинар И.Арабаев атындагы КМУнун М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан уюштурулган.

Бөлүшүү

Комментарийлер