«Мектептер 2030». Жашыл көндүмдөр жана практикалык чечимдер
- 13.04.2026
- 0
Бишкек шаарындагы №77 мектепте «Мектептер 2030» программасынын алкагында экологиялык иш-чара болуп өттү.
Иш чаранын негизги бөлүгүндө «Эко-карусель» интерактивдүү аянтчасы уюштурулуп, анда окуучулар өздөрүнүн экологиялык долбоорлорун сунушташты. Ачык экспозиция форматында мектеп окуучулары актуалдуу экологиялык маселелер боюнча практикалык чечимдерди көрсөтүп, коноктордун суроолоруна жооп беришти. Ардактуу коноктор окуучулардын демилгелерин көрүп чыгып, алардын активдүүлүгүн жана өз алдынчалуулугун жогору баалашты.
Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү катары 200 көчөт отургузулуп, ага окуучулар, мугалимдер жана чакырылган коноктор катышты. Бул мектеп аймагын жашылдандырууга символикалык жана практикалык салым болуп калды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты ТоктобүбүАшымбаева, агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, Ага Хан Фондунун жетекчиси Давлатсултон Доргабекова, Билим берүү департаментинин башчысы Рахат Мусаева, ошондой эле окуучулар, мугалимдер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Мындай иш-аракеттер «Мектептер 2030» программасы мектеп окуучуларына билим гана бербестен, туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык реалдуу иш-аракеттерге даяр экенин көрсөтүүдө.
Бул программа Ага Хан Фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып, балдар менен өспүрүмдөрдүн билимине, баалуулуктарына, көндүмдөрүнө жана дүйнө таанымына, анын ичинде экологиялык маданиятты калыптандырууга жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого багытталган.
Иш-чара КР Президентинин «Жашыл Мурас» демилгесин колдоо жана билим берүүнүн заманбап, жана натыйжалуу системасын түзүүгө багытталган «Алтын Казык» мамлекеттик программасынын алкагында өткөрүлдү.
Б. К. «КБ»









Комментарийлер