Сен китепти ачсаң, китеп сени ачат

  • 27.02.2025
  • 0

Ысык-Көл мамлекеттик университетинде «Китепtalkуу» долбоорунун алкагында «Сен китепти ачсаң, китеп сени ачат» аталышындагы талкуу болуп өттү.

Сен китепти ачсаң, китеп сени ачат

Иш чарага Ысык-Көл облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы У.А.Калиев, ушул эле бөлүмдүн улук прокурору Н.Т.Сандыбаев жана окуу жайдын бүтүрүүчүсү А.Б.Бактыгулова катышып,  студенттерге китеп окуу, изденүү аркылуу кандай ийгиликтерге жеткендигин баяндап берип,  инсандын калыптанышына, өнүгүшүнө китептин таасири зор экендигин баса белгиледи.

Сен китепти ачсаң, китеп сени ачат

Студенттер кызыккан суроолоруна жооп алып, баарлашуу абдан кызыктуу жана пайдалуу болду.

Жыйынтыгында ЫМУнун ректору, профессор А.Иманбаев келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, студенттерди китеп окууга, чакырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер