ИННОВАЦИЯЛЫК IT-БОРБОР ТҮЗҮҮ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 13.12.2024
  • 0

12-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинде KOICA эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө инновациялык IT-долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

ИННОВАЦИЯЛЫК IT-БОРБОР ТҮЗҮҮ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, KOICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Кёнгджу Пхё айым, ошондой эле уюмдун башка өкүлдөрү катышты.

Аталган  долбоордун негизги максаты мамлекеттик органдардын, бизнестин жана билим берүү мекемелеринин маалыматтык технологиялар жаатындагы биргелешкен иши үчүн платформа иштеп чыгуу болуп саналат. Аны ишке ашыруу мөөнөтү 2025-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилди камтыйт.

ИННОВАЦИЯЛЫК IT-БОРБОР ТҮЗҮҮ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

KOICAнын өкүлдөрү жогорку окуу жайлары үчүн зарыл жабдууларды берүүгө даяр экендигин билдиришти жана маалыматтык технологиялар жаатында адистерди даярдоо үчүн өздөрүнүн эксперттик кызматтарын сунушташты. Мындай кызматташтык Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын санариптештирүү жана модернизациялоо жолундагы маанилүү кадам болуп калат.

ИННОВАЦИЯЛЫК IT-БОРБОР ТҮЗҮҮ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Билим берүү жана илим министрлиги менен KOICA өз ара аракеттенүүнү улантууну жана 2025-жылы ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн деталдуу иш-аракеттер планын иштеп чыгууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер