ЭЛ КАДЫРЛАГАН БИРИНЧИ МУГАЛИМ

  • 20.09.2024
  • 0

Кезинде Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери, Кыргыз ССРинин президиумунун, Жогорку советинин Ардак грамоталары менен сыйланган Токсобай уулу Эшбай агайды билимдин алгачкы чабалекейи болуп, тээ Нарын жергесинде мектеп түптөп, бала окутуп, элдин сабатын ачканын жердештери унутпай, агайдын баскан жолу, ак эмгеги, бийик адамгерчилиги туурасында саймедиреп аңыз кеп кылып, кийинки муунга жеткире айтып келе жатышат. Анын далили, эл эмгектен эскерет дегендей, бир кезде өзү иштеп кеткен Нарын районундагы Учкун орто мектебине жердештери түп көтөрө колдоо көрсөтүп, 1991-жылы алгачкы агартуучулардын катарында турган Токсобай улуу Эшбайдын ысымын ыйгарышкан. Эмесе биз төмөндө кадыры калың журтка арткан, артына тоодой эмгек калтырып кеткен агай туурасында кеп кылмакчыбыз. 

 

ЭЛ КАДЫРЛАГАН  БИРИНЧИ МУГАЛИМ

КАНТИП КЫЗЫЛ МОЛДО АТЫККАН

Токсобай уулу Эшбай 1899-жылы Тянь-Шань облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Булуң айылдык кеңешинин Суук-Капчыгай айылында жарык дүйнөгө келген экен. Өзү айыл ирилеше элек кезде тогуз жашынан ата-энесинен бөлүнүп, байлардын коюн кайтарып, жумушун жасап калганын айтып калчу дешет жакындан билгендер. Кийин торолуп, балакатка жеткен кезде айылындагы Абыке ажынын мечитинен арабча окуп, сабатсыздыгын жойгон. Атасы Токсобай аркы-беркини алыстан аңдай билген көрөгөч адам болгондуктан, уулу Эшбайды билимин андан ары өркүндөтүүсүн көздөп, 1918-жылы Ташкент шаарындагы Орто Азия мугалимдеринин курсуна жиберет. Баласы ал жактан жакшы билим алып кайтат. Көзү ачылып, келечек кайда баратканын алдыртан сезе билген, көкүрөгү көрөсөн Эшбай ал жактан келээри менен өзү окуп кеткен Тегерек-Кырчынга мектеп ачып, боз үйдө балдарды окутуп баштаган. Жаңы замандын желаргысын сезе билбеген калың журт алгачкы жылдары балдарга калем карматып, А деген арибди тааныткан аракетин анчейин колдогон деле эмес. Бирок канчалык кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болбосун балдарды, ал тургай чоң кишилерди да окууга кызыктырып, сабатын жоюу ишин тынымсыз уланта берген. Ушундан улам Эшбайды “Кызыл молдо” деп аташкан. Эл көнө баштаганда ошол 1919-1920-жылдары “Кызыл агитатор” деген ат менен Тегерек Кырчын айылына мектеп ачкан. Жайы кышы ысык, суукка карабай кийизди парта кылып, балдарды окутуу менен алек болгон Эшбайдын да, анда окуп билим алган балдардын да түйшүгү оңой болбогонун, анда окуган окуучулары кезинде жакшы эле эскерип кеп кылышып, Эшбай молдокеден көзүбүз ачылды деп сыймыктана кеп кылгандарын убагында тартылып калган видеотасмадан уктук. С.Токтосейитов, А.Кайыпов, Б.Сыдыгалиев, Д.Тынышев өңдүү окуучулары бир дептерге калем менен жазып үйрөнүп, башка дептер жок болгондуктан бир жума жазгандарын кайра өчүргүч менен өчүрүп, жаңы тема башталганын, жакшы окугандарга агайын үйүнөн көмөч нан жасап келип берип кызыктырганын, а тургай кичине балдарды кышында дааратканага барам дегендерин өзү эшикке жетелеп чыгып, анда топчулама шым болбогондуктан ычкырын чечип заара жасатып, кайра байлап берип, класска жетелештирип кийирип келип сабагын өтө берээрин жылуу эскеришиптир. Айылга молдоке атыккан алгачкы биринчи мугалим Эшбай агай адегенде араб тамгасын, андан кийин латын тамгасын, кийин кириллицаны үйрөнгөн жана ал үч түрлүү тамгалар аркылуу кайсынысы болбосун өз мезгилинде бул тамгалар аркылуу караңгы элдин сабатын ачып, кат жазууну үйрөтө билген өз заманын эң билимдүү мугалими боло алган.

АТУУГА КЕТИП, АМАН КАЛГАНДА

Ошентип агартуу ишине эт-бетинен кетип, мектепти бир калыпка салып иштеп турган кезинде 1936-37-жылдары агайдын башына капыстан кара булут айланып, «Туран партиясы менен байланышың бар» деген жалган жалаа менен камалып, тергөөдөн соң, атууга өкүм чыгат. Камактагы кыйноолору адам чыдагыс болгонун, тактай, полго кнопка чачып, жылаңайлак бастырганын жоро-жолдошторуна айтып калчу экен. Ак жүрөк мугалим бул сыноолордон, кыйноолордон сынбай өтө алган. Атуу бөлмөсүндө олтурганда Ташкентте бирге окуган курсташы, кан досу Турдубай уулу Жолдубай адвокат болуп, көзөмөлгө алып, иш-кагаздардын көчүрмөсүн Москвага чейин жиберип, тергөөнү буздуруп, актатып, аман алып чыгыптыр. Бул каргашалуу окуя Эшбай агайдын жүрөгүндө кеткис так бойдон калган.

ЭМГЕГИ БИЙИК БААЛАНГАН

Октябрь революциясы жеңген жылдары Эшбай агай 17 жашка чыккан боз улан экен. Революцияга чейин эле билимге умтулуп, сабатын жоюп, элдин да көзүн ачкан агай күрдөөлдүү Кеңеш мезгилинде агартуу тармагында зор эмгек сиңирди. Нарын районундагы бир катар мектептерге директор болуп иштеген жылдары бүтүндөй мугалимдерге шык берип, окутуунун жаңы көрсөтмөлүү усулдарын иштеп чыгып, билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурду. Агайдын үзүрлүү, натыйжалуу, жемиштүү эмгеги жогору бааланып, кезинде эң жогорку сыйлыктардын бири – Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендерин алган. Билген адамга бул сыйлыктарга Кеңеш мезгилинде жетиш, эгедер болуу оңой эмес болчу. Билим берүүнүн отличниги төш белгисин 1945-жылы алыптыр. КР президиумунун, КР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен да сыйланыптыр. Совет бийлигин орнотууга жана аны чыңдоого, колхоз чарбасын уюштурууга жана аны өнүктүрүүгө, маданий революцияны турмушка ашырууга активдүү катышкандыгы үчүн Тянь-Шань райкомунун токтому менен “Эмгек даңкы” аттуу түбөлүккө сакталуучу райондук Ардак китебине Токсобай уулу Эшбай сыймык менен жазылган. Бул элдин ага болгон өзгөчө сый-урматы, ыраазычылыгы болчу.

ЭЛ КАДЫРЛАГАН  БИРИНЧИ МУГАЛИМ          ЭЛ КАДЫРЛАГАН  БИРИНЧИ МУГАЛИМ            ЭЛ КАДЫРЛАГАН  БИРИНЧИ МУГАЛИМ

 

“МАНАС” ЭПОСУНУН ҮЧИЛТИГИН ОКУТКАН

Эшбай агайдын кыздары Нарынбүбү, Бактыгүл менен жолугуп сүйлөштүк. Алар атасынын мугалимдик касиетине, адамгерчилигине, аталык мээримине, камкордугуна тан беришип, эскерип олтурушту.

– Атам тагдыр экен, биринчи никеден балалуу болбой жүрүп, 50 жашынан кийин кайра үйлөнүп, апабыздан сегиз перзенттүү болгон. Ошондуктанбы биз ага өтө аялуу элек. Бир да жолу катуу айтканын уккан жокпуз. Сабакка даярданганга кенен убакыт бөлүп, үйдө биз менен чогуу окучу. Үйдө апама дайыма кайнатма тамак жасатчу. Мектепке баратканда эч убакта ачка жиберчү эмес. Тамакты ойлоп, сабакка көўүл бурбай каласыўар дечү. Кечки алтыдан кийин көп тамактанчу эмеспиз. Көрсө, биздин ден соолугубузга аябай кам көрчү экен. Мектепте мугалимдердин сабагына кирип катышып, сабактан кийин алар менен көпкө сүйлөшкөнүн көрүп калчубуз. Кийин мектептен эс алууга кеткенде да эч кимге айтпай эле биз окуган класска кирип келип, арткы партадан кунт коюп угуп олтурганын көрүп калчубуз. Биз танаписке чыгып кеткенде мугалим менен көп нерселерди талкуулап, сүйлөшүп калчу. Акча, байлык колдун кири, байлык бул – билим, билимге умтулгула,- деп көп айтчу. Атам өмүрү өткөнчө мектептен алыстаган жок,- дейт кызы Токсобаева Нарынбүбү.

Дагы бир кызы Бактыгүл Токсобаева атасынын касиеттерин, “Манас” эпосуна болгон кызыгуусуна токтолду.

– Атам “Манас” эпосунун үчилтигинин көп жерлерин жатка билер эле. Сабактан келгенде бош убактыбызда “Манас” эпосун үн чыгарып окутчу. Мындан тышкары, эпостун маанисин түшүндүргөнгө аракет кылчу. Башталгыч класстагыларды шыр окууга үйрөтүүдө эпосту көп пайдаланчу. Элибиздин башка “Эр Төштүк”, “Курманбек” өўдүү кичи эпосторун да жатка айтчу. Атам касиети күчтүү адам эле. 1919-жылдары билимдүү кишилер борбордо калчу экен. Ошондо айылда калган элимдин кат сабатын жоём деп Нарынга келе бериптир. Атамдын атасы да өз учурунда сабаттуу кишилерден болушкан. Алдыны көрө билген, өз көмөчүнө күл тартпаган калыс, чынчыл, мекенчил адамдын балдары болгонубузга биз сыймыктанабыз, — дейт кызы Бактыгүл.

Ооба, артында калган балдарын убагында өзү борборго жетелеп келип, окууга киргизип, сегиз баласына теў жогорку билим алганга шарт түзүп бериптир. Бири атасын тартып мугалим болсо, бири сот системасында, бири маданият тармагында иштеп, Мекенибизге ак кызматын өтөп келишүүдө. Элүү жылдан ашуун агартуу майданынын анык жоокери болгон Эшбай агай эл сыйын көрүп, небере, чөбүрөнүн жытын жыттап дөөлөттүү, бактылуу карылыкта 77 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Агайдын эмгеги, айткан акыл кеби элде калды. Ал окуткан жүздөгөн балдар эр жетип, эл керегине жарашты. Агайдын атын алып жүргөн мектептеги окуучулар Токсобай уулу Эшбайдын өмүр таржымалын, басып өткөн жолун жадыбалдай жатка билишет экен. Мектепте атактуу мугалимдин музейи да уюштурулган. Окуучуларын өз балдарындай көргөн Эшбай агайды эли эч качан унутпай, эскерип турушат. Бул Эшбай агайдын элге калтырган опол тоодой эмгегинин үзүрү эмей эмне!

Майрамбек ТОКТОРОВ,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер