12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 19.12.2024
  • 0

Бүгүн, 19-декабрда Кыргыз мамлекеттик университетинде “Мектептик билим берүүнүн трансформацияланышы жана Кыргыз Республикасында 12 жылдык орто жалпы билим берүү системасына өтүү шартында жогорку педагогикалык билим берүүнү реформалоо” аталышында тегерек стол өттү.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Иш-чарага билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана анын орун басары Расул Абазбек уулу, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жана билим берүү тармагындагы эксперттер катышты.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Тегерек столдун негизги максаты – 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында мугалимдерди даярдоо сапатын жакшыртуунун жол картасын иштеп чыгуу жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын реформалоо боюнча пикир алмашуу.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү системасындагы өзгөрүүлөр, педагогикалык ЖОЖдордун ролу жана мугалимдердин жаңы профессионалдык стандарттары талкууланып, баяндамадамалар окулду.

Тегерек столдун жыйынтыгында сунуштардын негизинде жол картасынын долбоору даярдалды.

Белгилей кетсек, бул реформа Кыргызстандын билим берүү системасын заманбап талаптарга жооп берген деңгээлге чыгаруу максатын көздөйт.

Бөлүшүү

Комментарийлер