12 ЖЫЛДЫК ОКУТУУ МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

  • 19.03.2024
  • 0

12 ЖЫЛДЫК ОКУТУУ МЕЗГИЛ ТАЛАБЫБилим берүү жана илим министри Догдуркул Шаршеевна жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу 12 жылдык билим берүү тууралуу  эң сонун жана түшүнүктүү маалыматтарды берип жатат. Билим берүү тармагында жакшы жакка өзгөрүүлөргө, алгылыктуу иштерге күбө болуп жатабыз. Окуучулар ушул убакка чейин 0-классты кошкондо 12 жыл убакыт кетирип, окуп келбеди беле. Мен отуз жылдай убакыттан бери башталгыч класстарга сабак берип келатам. 0-класстан эле тамга таанып, окуп калган балдарга 1-класстан кайра кайталап окутуу баланын билим алууга болгон кызыгуусун жоготуп коет. Ошондуктан 0-классты 1-класс деп кабыл алуу эң туура.

Бул учурдун талабы, коом өнүккөн сайын биз да башка өлкөлөрдөн артта калбай өсүп келе жаткан  жеткинчектерге, өспүрүмдөргө жана жаштарга замандын талабына жараша билим берүүгө муктаж экенибизди баарыбыз туура түшүнүү менен кабыл алуубуз керек. Өлкөбүздөгү баардык мугалимдер  түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,  демилгени колдоп, жалпыга маалымат берүү бул биздин милдетибиз. Бул өлкөбүздүн келечегине көрүлгөн эң чоң камкордук деп түшүнөм. Өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн бул 12 жылдык тутум мезгилдин талабы.

Тилекке каршы, акыркы учурда “жумурткадан кыр издегендер” көбөйүп,  “сынчынын сыңар өтүгү  майрык” дегендей бул реформанын мааны, маңызын, максатын түшүнбөй, ооз көптүрүп, сындагандар көбөйдү.

Айгүл Өмүрбекова,

Ак-Суу районунданы Мамбет Мамакеев атындагы орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими

12 ЖЫЛДЫК ОКУТУУ МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИН ОЙЛОЙЛУ

Президентибиз жактырган бул реформадан ата-энелер кооптонбошу керек, баягы эле курак, болгону 0-класс 1-класс болуп эсептелип калат.

Ушу 12 жылдык окуу жөнүндө 2021-жылдан бери эле айтып келе жатышат, учурунда мен да түшүндүрүп, пикиримди айткам. Балдарынын келечегин ойлобогон айрым ата-энелер түшүнгүсү келбейт экен. Каршы чыккандардын бир тобу, айрым ата-энелер. Алар балдарын эртеден кечке бала бакчага берип койгонду туура көрүшөт экен. Мектепке 1-класска ташып, түйшүк тартууну каалабайт. Билимдин фундаменти башталгыч класстар экенин, балдарга билим берүүгө көңүл буруу келечегине инвестиция салуу экенин туура түшүнүүгө мезгил жетти да. Баардык реформага каршы чыккандар болгон. Эч нерсе эмес, көпчүлүк колдоп жатат. Жыйынтыгы жакшы болооруна ишенип турам. Билим берүү реформасы бир топ жылды талап кылат. Ошондуктан сабырдуулук менен бул демилгени колдоого алалы. Кыргызстан дагы башка өлкөлөрдөн артта калбашы керек.

Жаныбек Кулукеев, Бишкек шаарынын тургуну

Бөлүшүү

Комментарийлер