12 ЖЫЛДЫК: ЭЛЕКТРОНДУК МЕКТЕПТИН ПЛАТФОРМАСЫ ТҮЗҮЛӨТ

  • 26.03.2024
  • 0

2024-2025-окуу жылына карата окуу китептерди түзүү, андан соң электрондук мектеп платформалары түзүлөт.

12 ЖЫЛДЫК: ЭЛЕКТРОНДУК МЕКТЕПТИН ПЛАТФОРМАСЫ ТҮЗҮЛӨТ

Билим берүү жана илим министринин орун басары М.Касмалиевдин айтуусу боюнча, 12 жылдыкка этап этабы менен өтөт.

— Биринчиден, мамлекеттик стандартты өзгөртүү керек. Экинчиден, предметтик стандарттарды жазып чыгуу керек. Үчүнчүдөн, ушулардын негизинде окуу программаларын, жазыла турган окуу китептерин тууралап чыгаруу керек. Мына ушундай атайын процедуралары, жолдору  бар. Ошондон өткөндөн кийин гана даярдалган материалдарды биринчи окуу китептери электрондук вариантта даярдалат. Ал үчүн Улут софт IT комапания менен келишим түзүлүп, алар иштеп башташты. Биринчиден, окуу китеп платформасы, андан кийин электрондук мектеп платформасы түзүлөт. Китеп платформасы кийин онлайн электрондук мектепке киргизилет. Быйылкы окуу жылында электрондук вариантын бүтүрүп, анан киргизүү пландалып жатат. Быйыл окуу процессине окуу китептер пилоттук мектептерге электрондук вариантта кирет, ал эми кагаз түрүндө өзүнүн эрежелери менен кийинки окуу жылына киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланып жатат, — деди орун басар ММКга берген интервьюсунда.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер