12 жылдык билим: мугалимдин кесиптик даярдыгы

  • 12.11.2024
  • 0

Жакында эле Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү концепциясы Министрлер кабинети тарабынан бекиген.

12 жылдык билим берүүгө өтүү — бул ийкемдүү, инклюзивдик жана инновациялык билим берүү системасын түзүүгө мүмкүндүк берген маанилүү кадам. Мында мектеп бүтүрүүчүнүн жашы өзгөрбөйт, 11 жылдык окуудагыдай эле 17 жашында мектепти аяктайт. Нөлүнчү класстын ордуна 1-класс болуп, балдар мектепке 6 жаштан баштап барат.

12 жылдык билим: мугалимдин кесиптик даярдыгы

Концепцияга ылайык, мектептик билим берүүнүн жаңы структурасы бир нече жыл ичинде этап-этап менен ишке ашырылат, анын ичинде мугалимдерди даярдоо жана кайра даярдоо, билим берүү стандарттарын жана программаларын түзүү жана адаптациялоо, мектеп инфраструктурасын жаңылоо кирет.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “12 жылдык мектепке өтүүдө көп нерсе мугалимдин кесиптик даярдыгына көз каранды, андыктан алар дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаны кылдат үйрөнүп, азыркы трансформациянын борборунда болушу керек”, –  деп айткан.

12 жылдык билим: мугалимдин кесиптик даярдыгы

Бул багытта министрлик Кесиптик чеберчиликти жогорулатуу институту менен биргеликте курстарды уюштуруп, аймактардан келген мугалимдерди этап менен окутууда.

Бишкектеги Абдылда Каниметов атындагы №1 жатак лицейинде STEM сабактарынын мугалимдери квалификациясын жогорулатууда.

12 жылдык билим: мугалимдин кесиптик даярдыгы

Бул мектептин директору Жыргалбек Курманбековдун айтымында, курстар табигый жана так илимдерди окутуунун алдыңкы эл аралык методикаларын киргизүүгө багытталган. Бул методикалар мугалимдерге окуучуларды билим берүү процессине активдүү тартууга, алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн жана өз алдынча изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет.

“Математикада колдонулган ыкмалар окуучуларга теориялык принциптерди гана өздөштүрбөстөн, аларды реалдуу жашоодо колдонууну үйрөнүүгө жардам берип, сабакты көбүрөөк түшүнүктүү жана кызыктуу кылат”, – деди директор.

Табигый илимдер боюнча окутуу 5E модели боюнча жүргүзүлөт. Кызыктыруу (Engage), изилдөө (Explore), түшүндүрүү (Explain), кеңейтүү (Elaborate) жана баалоо (Evaluate) — окуучулардын өз алдынча изилдөө жүргүзүү жөндөмүн өнүктүрүп, илимий процесстерге аралашууга, алган билимин практикада өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

12 жылдык билим: мугалимдин кесиптик даярдыгы

Түндүк аймагы боюнча координатор Айгерим Жолчубекова бул ыкмаларды практикада колдонууга өзгөчө көңүл бурулат деди. Координатордун айтымында, тренингден кийин ар бир мугалимди окуткан тренерлер коштоп, сабагына катышып, жаңы методдорду күнүмдүк практикага киргизүүгө жардам көрсөтүүнү улантышат.

Азырынча өлкө боюнча табигый жана так илимдерди окуткан 15 885 мугалим билимин жогорулатат.

Эскерте кетсек, 12 жылдык билим берүү моделине өтүүдө стандарт, ыкма, мазмун баары өзгөрөт. Жай айында жаңы технологияларды пайдалануу үчүн атайын Сингапурдан келген адистер 90 эң мыкты деген тренерди даярдаган. Алар учурда жер-жерлерде массалык түрдө башка мугалимдерди окутууда.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер