12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ – КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН КЕЛЕЧЕГИ

  • 27.03.2024
  • 0

Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө. Окуучулар мектептен эле аттестаты менен бирге бир кесиптин ээси болуп чыгат. Буга кесиптик лицейлер да даяр. Учурда профилдик окутуу боюнча эксперименталдык окуу планы жана жобосу иштелүүдө.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ – КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН КЕЛЕЧЕГИ

Окуучулар өзүнө жаккан кесипти тандайт

12 жылдык билим берүүдө окуучулар үчүн кесиптер жаш өзгөчөлүгүнө жараша тандалып алынды жана алар көп чыгымды талап кылбайт. Мисалы, окуучуларга тигүүчү, чач тарач, мейманканада кызматчы (горничная), гүл өстүрүүчү, ландшафт дизайнери, оператор, интернет технологиялардын адиси, компьютерди оңдоо, вебдизайнер, программист, ашпозчу-кондитер адистиктери сунушталат.

—        Профилдик кесипке окутуу 10-класстын экинчи жарымында, 11-класстын биринчи жарымында жумасына бир ирет алты сааттан окутулат. Бул үчүн кесиптик лицей, мектеп жана ата-эненин ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт. Окуучу өзү каалаган кесипти тандоого укуктуу. Лицейден алган кесибин тереңдетип кетсе же такыр башка багыттагы адистикти тандап алса болот. Окуу аяктагандан кийин сертификат же мамлекеттик үлгүдөгү документ берилери каралууда. Эгерде окуу 210 саатты түзсө лицейдин өзүнүн сертификаты, 240 сааттан ашса мамлекеттик үлгүдөгү документ берилет. Окуучулар мектепти бүткөндүгүн тастыктаган аттестат менен биргеликте бир кесиптин ээси болуп, өз алдынча каражат табууга мүмкүнчүлүк алат. Учурда профилдик окутуу боюнча эксперименталдык окуу планы жана жобосу иштелүүдө, — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Асыл Абдрахманова.

 

Убакыттан уттурбайт

Мындай кадам окуучулардын келечекте туура кесипти тандашына да өбөлгө болуп берет. Анткени окуучулардын көбү мектепти аяктап жатканда кесип тандоодо жаңылыштык кетирет. Мисалы, Бишкек шаарынын тургуну Рая Сейиткулованын уулу дал ушундай кырдаалга кабылган. Ал 9-класстан кийин колледжге тапшырган. Ата-энесинин кайсы кесипти тандайсың деген суроосуна деле тыңгылыктуу жооп бере алган эмес. Ата-энесинин кеңеши менен эки кесиптин бирин тандап тапшырган. Окууну аяктаган соң, кесиби боюнча иштеп, жогорку билим алууга ЖОЖго сырттан окууга өткөн.

—        Бирок уулум иштеп баштагандан кийин менин каалоом башка, мен бул кесипте иштегим келбейт, айла жок эле иштеп жүрөм деп көзүн жалдыратып туруп алды. Төрт жыл окуусун, ага кеткен чыгымдарды эсептеп, жакшы эле түшүндүрүп, ары-бери кетип жатып акыры айла жок баламдын айтканына макул болдук. Эгерде басым жасап кыйнай берсек, баламдын психологиясын таптакыр талкалап алчудайбыз. Ошондон улам, балдарды шаштырбай, кесип тандоосуна кененирээк убакыт беришибиз керек экен деген тыянакка келдим. Мен ата-эне катары мектепте 12 жылдык билим берүүнү колдойм. Көрсө, балдар бул учурда психологиялык жактан жетилип, өз алдынча кесип тандоого даяр болуп калат экен, — дейт эне.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ – КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН КЕЛЕЧЕГИ

Кызматташууга даяр лицей

Кесиптик окуу жайларда 9-классты бүткөн бала гана эмес 11-классты бүткөн балдардын да беш-алты ай окуп, кыйналганда же туура эмес кесип тандап алганын түшүнгөндө окуусун таштап салгандар да көп болот. Мындай учурлар Бишкектеги №3 кесиптик лицейде да көп эле кездешип келген.

—        Окуу жайга программист болууну максат кылып келип, үч-төрт ай окугандан кийин андан ары алып кете албарын же жанына жакын кесип эместигин түшүнгөн окуучулар жок эмес. Анын үстүнө бизге жалаң алдыңкы окуучулар келет деп айта албайм. Мектепте начар окугандар лицейге келгенде окуу программаны өздөштүрүүдө кыйналат. Кесиптик окуу менен мектеп программасын бирге алып кете албай калат. Ошондуктан бала кесиптик билимди мектептен алса, ал кесип өзүнө жагабы же жакпайбы ошол жерден эле түшүнүп алат. Ал эми башка багыттагы кесипти тандап кетсе ал мектептен алган кесиби жок дегенде жашоосунда кереги тиет. Мисалы, өзүм да убагында КМТУга тапшырып, ага кошумча лицейде да окуп, эки жактан бирдей билим алгам, – дейт Бишкек шаарындагы №3 кесиптик лицейдин директору Шайбек Белялов.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ – КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН КЕЛЕЧЕГИ

Бул №3 лицей 12 жылдык билим берүүдө мектептер менен кызматташууга даяр. Ал үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Кесиптер да жаңыланган. Окуу жай жаңы ачылганда унаа түзүмү, темир уста, слесарь, механик багытында билим берип келсе, кийин 1957-жылы полиграфия багытына которулган. 2020-жылдан баштап багытын өзгөртүп, жаңы кесиптер: санариптик оператор, китеп чаптоочу оператор, китеп басып чыгаруучу фронтенд, бекэнд программасын өздөштүргөн адистер, графикалык дизайнер, системалык администратор адистери кирген. Лицей ишке кирген жылдан бери он айлык курстарды окутуп, бир гана кесипке үйрөтүп келсе, быйыл жаңы окуу жылдан тартып эки жылдык окууга өттү. Эми бүтүрүүчүлөрүнө аттестат да, диплом да берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Учурда эки жылдык окутуу боюнча токарь, тиричилик техникасын оңдоо, санарип оператор, китеп чаптоочу оператор, он айлык окутуу боюнча электромонтёр, электр газ ширетүүчү, ашпозчу-кондитер, графикалык дизайн, системалык администратор, автослесарь, автоэлектрик, муздаткыч оңдоо, программист адистиктери боюнча билим берет.

Өткөн окуу жылдан тартып он айлык окутууга дуалдык окуу системасы киргизилип, «Дастан» заводунда ишке ашты. Завод окуучуларга бир класс бөлүп берип, бардык чыгымдарды көтөргөн. Окуучулар эки нөөмөт менен бөлүнүп барып, кезектешип практика өтөт. Биринчи жылдагы дуалдык билим ийгиликтүү ишке ашып, бардык окуучулар жумуш менен камсыз болгон. Тактап айтканда, 15 бүтүрүүчү ошол эле заводго жумушка кабыл алынса, он бала жеке ишканаларда иштөөдө. Мындан сырткары, шаар боюнча бардык 120 полиграфиялык ишкана менен келишим түзүлгөн. Окуучулардын жасаган иши үчүн мекеме эмгек акы төлөп берет.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ – КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН КЕЛЕЧЕГИ

—        Дуалдык билим берүү боюнча окуучуларды өндүрүшкө жибере баштаганда ата-энелер башында анчейин кабыл алган эмес. Себеби сабактан кийин да окуучулардын убактысы өндүрүштө өтөт. Бирок аларга эмгек акы төлөнөт. Эмгек акы баланы шыктандырат. Мисалы, былтыр темир усталар айына 9000 сомдон тапса, азыр ашпозчу-кондитерлер 10 миң сомго чейин эмгек акы алат. Бул окуучулар үчүн жакшы каражат да. Эми болсо кээде баласы сабакка барбай калган ата-энелер тескерисинче, өздөрү биз менен байланышып, “окуу болбойбу?” деп сурап турушат, – дейт лицейдин директору.

Жакында дуалдык билим берүү боюнча «Учкун» басмаканасы менен да келишим түзүшкөн. Бул басмакана эки жылдыкта билим алып жаткан окуучулар менен иштешет. Мындан тышкары, «Адвент принт» басмаканасынын жетекчиси тарабынан дуалдык билим берүү боюнча иштешүү сунушу түштү. Окуучулар өндүрүштө үч саат иштеп, окуу жайдан алган теориялык билимин практикалык жактан басмакананын кызматкерлеринин өздөрүнөн үйрөнүшөт. Окууну аяктаганда мекемеде иштеп калат. Эмгек акыдан тышкары тамак-аш менен да камсыз кылат. Учурда лицей «Хёндай элеватор» корпорациясы менен лифтчи, эскалаторчу кесиби боюнча үч айлык окуу курсун ачуу келишим түзүүнү пландоодо. Бул үчүн мекеме атайын лаборатория куруп, бардык керектүү техника менен камсыздап берет.

Окуу жайда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да атайын шарт түзүлгөн. Учурда эки группада балдар билим алууда. Ар бир группанын өз бөлмөсү, мастерлери бар.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер