12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН модели дүйнөнүн 80% ашуун өлкөлөрүндө колдонулат
- 28.10.2024
- 0
12 жылдык моделге өтүү менен орто жана жогорку кесиптик окуу жайларында негизги билим берүү предметтеринин саны кыскарып, кесиптик блоктогу атайын дисциплиналарга көбүрөөк басым жасалат. Бул тууралуу Баткен мамлекеттик университетинин ректору Айдар Гыязов “Кут билимге” берген маегинде билдирди.
Айдар Гыязовдун айтымында, 12 жылдык билим берүүнүн модели дүйнөнүн 80% ашуун өлкөлөрүндө колдонулат. Бул акыркы 20-30 жылдын ичинде илим менен техниканын эбегейсиз зор жетишкендиктеринин, коомдук турмуштун ар түрдүү чөйрөлөрүнө жаңы технологиянын кеңири киргизилишинен улам келип чыккан кырдаал. Ошондуктан жаштарды учур талабына ылайык тарбиялоо үчүн аларга жаңы, мазмундуу билим берүү зарылдыгы келип чыгат. Ошондой эле 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө негизги милдет – баланын инсандыгын интенсивдүү калыптандырууну камсыз кылуу, анын өз алдынча билим алуусу жана аларды когнитивдик баяндамаларды түзүүдө колдоно билүүсү, коммуникативдик көндүмдөрү, окууга болгон умтулуусу, билим алуу жөндөмдөрү жана статусу калыптанат.
— Он эки жылдык мектеп жалпы дүйнөлүк тренд, мындай система дүйнөнүн 136 өлкөсүндө иштейт. Демек, Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун бири катары бул маселеден четте калбай, тескерисинче, дүйнөлүк билим берүү мейкиндиги менен шайкеш келүү учур талабы. 12 жылдык билим берүүнүн негизи – адамдын инсандыгын калыптандыруу. Адам инсан болуп төрөлбөйт, ал өмүр бою тарбия аркылуу калыптанат. Адам өзүн таанып, өз жашоосун өзү түзө баштаганда инсандык жөнүндө сөз кылуу керек. Кыргыз Республикасында билимдүү, чыгармачыл, атаандаштыкка жөндөмдүү, өнүгүп келе жаткан коомдо жашоого ийкемдүү, коомдун жыргалчылыгы үчүн өзүн толук ишке ашырууга даяр инсанды тарбиялоонун негизинде 12 жылдык жалпы орто билим берүүнүн концепциясы иштелип чыккан, — дейт ректор.
Ошондой эле ректор жалпы орто билим берүү моделин 12 жылга өткөрүүнүн алдында чоң жумуштар аткарылып, бир катар маселелердин чечилүүсү талап кыларын белгилейт. Алар:
- жалпы жана орто билим берүүчү мектептерде ченемдик-укуктук базаны өнүктүрүү;
- программалык-методикалык камсыздоо (мамлекеттик стандартты жаңылоо, жаңы окуу китептерин басып чыгаруу);
- санитардык-гигиеналык ченемдерге жана негизги эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- жаңы системага ылайыктуу мугалимдерди даярдоо, мугалимдерди кайра даярдоо;
- билим берүү системасын кыргыз элинин улуттук салт-санаасына, тарыхына, идеологиясына, нарк-насилине жана маданиятына шайкеш келтирүү.
Мындан сырткары дүйнө өлкөлөрүнүн тажрыйбасында ар бир мамлекеттин өзүнүн калыптанган билим берүү системасы, мектеп модели жана орто мектептеринин ички структурасы бар экендигин айтып, аларда жалпы билим берүүнүн узактыгы 12 же 13 жылды түзүп, 6 жаштан 18 жашка чейинки курактагы окуучулар билим алат.
— Мектепте 12 жылдык билим берүүнүн мааниси эмнеде? Эмне үчүн Кыргызстанда бул системаны тандоо менен азыркы билим берүү системасына толук өзгөртүү киргизилип жатат? Балдарды алты жашынан баштап мектепке кабыл алуу бала бакчаларды кыйла жеңилдетип, жаш балдарды кабыл алууга мүмкүндүк берет. Жаңыдан иштелүүчү окуу программасы окуу жүктөмүн азайтуу жана аны 12 жылдын ичинде бирдей бөлүштүрүү багытында түзүлүп, бул балдарга билим берүү ийримдерине, спорттук секцияларга, алар кызыккан курстарга жана эс алууга көбүрөөк бош убакыт бөлүүгө мүмкүндүк берет, — деп баса белгилеген Айдыр Гыязов жогорку окуу жайларында окууну улантууну каалаган окуучулар үчүн өзгөчө маанилүү жана аларга келечектеги кесипти туура тандоого мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады.
Ошондой эле бүтүрүүчүлөр кыска мөөнөттөгү үч же алты айлык кесипке даярдоо курстарын аяктап, кесиптик лицейлердин базасында жөнөкөй, бирок маанилүү жумушчу кесиптерин алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. А эгерде чет өлкөдө кошумча билим алууну кааласа, чет мамлекеттерде кыргызстандык окуучулардын билими тууралуу документин таанууну жеңилдетет.
Мындан сырткары 12 жылдык билим берүүгө өтүү окуучулардын ар кандай предметтер боюнча билимин тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, критикалык ой жүгүртүү көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана материалды өз алдынча үйрөнүүгө мүмкүндүк берип, бул көндүмдөр маалымат дайыма өзгөрүп жана жаңыланып турган азыркы заманда абдан маанилүү.
Ал эми 12 жылдык билим берүү системасынын эффективдүүлүгүнүн негизин квалификациялуу мугалимдер түзөт. Ар бир мугалим окуучулардын талабына жооп берип, жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтсө, аларга жүктөлгөн милдеттерин аткаруу оңой болот. Жалпысынан 12 жылдык билим берүү Кыргызстан үчүн көп артыкчылыктарды берет.
Комментарийлер