12 жылдык билим берүү: мугалимдер жетиштүү

  • 26.03.2024
  • 0

12 жылдык билим берүү башталса, жаңы мугалимдер талап кылынбайт. Бул тууралуу билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн жыйында билдирди.

Анда “12 жылдык билим берүүгө өтүүгө бюджеттен канча акча жумшалат жана жетишпеген мугалимдердин маселеси кандай чечилет?” деген суроо берилген.

Министрдин айтымында, учурда негизинен орус тилдүү мектептерде 650 предметтик мугалим жетишпейт.

“Мурун 3-4 миңге чейин мугалим жетчү эмес, азыр мындай нерсе жок. Себеби айлык 80-100%га көтөрүлгөн. Жаңы мугалимдер талап кылынбайт, себеби буга чейин 0-классты окуткан мугалимдер бар, атайын окуудан өтүп даярдалган. Биз биринчи кезекте педагогикалык стандарттарды өзгөртөбүз. Акча көбүрөөк китеп сатып алууга жана этап-этабы менен адистештирилген класстарды камсыздандырууга жумшалат”, — деди Догдургүл Кендирбаева.

Эскерте кетсек, Кыргызстан этап-этабы менен 12 жылдык билим берүүгө өтөт. Министрлер кабинети өткөн аптада «Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» тескемени жактырса, президент министрликке жана өкмөткө бир катар тапшырмаларды берди.

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер