12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР, БИРОК СИСТЕМАЛУУ КАДАМ ТАЛАП КЫЛЫНАТ

  • 09.04.2026
  • 0

Жаңы окуу жылынан тарта мектептерде профилдик окутуу системасын киргизүү пландалууда. Бул 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн маанилүү баскычы.  Улуттук билим берүүнүн алкагында Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейи Октябрь районундагы беш мектеп менен кызматташып, ашпозчулук жана тигүүчүлүк багыттары боюнча окуучуларды окутат.

Бирок лицейдин директору Таалай Орунтаев бүгүнкү күндө жаңы системага өтүү процесси толук бышып жетиле электигин билдирди. Айтымында, 12 жылдык билим берүү системасы азырынча “чийки” абалда. Профилдик окутуунун так жоболору жетишсиз. Мектеп башкармалыгы тарабынан да кошумча аракеттер талап кылынат.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР, БИРОК СИСТЕМАЛУУ КАДАМ ТАЛАП КЫЛЫНАТ

  • Азыр айрым мектептер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, алдыда ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатабыз. Себеби каржылоо маселеси толук чечиле элек, айрым чыгымдар ата-энелерге жүктөлүүдө. Бул боюнча пикирлер ар түрдүү: кээ бирлери макул болсо, айрымдарында мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан профилдик окутуу талкуу деңгээлинде гана калып, толук ишке ашырыла элек. Маселени ата-энелер, мектеп жетекчилери жана тиешелүү органдар менен кеңири талкуулап, бирдиктүү чечим кабыл алуу зарыл, — дейт ал.

Профилдик окутуу эки бөлүктөн турат: теориялык сабактар мектепте өтүлсө, практикалык иштер лицейдин лабораторияларында жүргүзүлөт. Окуу жайда бул үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

— Мисалы, 30 окуучуну үч лабораторияга бөлүп окутууга мүмкүнчүлүк бар. Практикалык сабактарды ишемби күнү өткөрүү ыңгайлуу болушу мүмкүн. Бирок мугалимдердин эмгек акысы, жабдуулардын чыгымдары сыяктуу маселелер али чечиле элек. Бизде материалдык база жана кадрлар бар, бирок жогорку деңгээлде так тапшырма жана системалуу мамиле керек, — дейт жетекчи.

Учурда лицейде 496 окуучу билим алууда. Мындан тышкары, кыска мөөнөттүү курстарда 80ден ашуун адам окуйт. Окуу жай ашпозчу, тигүүчү, бариста, тейлөөчү, веб-дизайнер, автослесарь жана башка кесиптерди окутат. Быйыл веб-разработчик багыты кошулуп, бармен багытында бариста модулдук негизде киргизилди.  Бул үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздалган атайын лаборатория түзүлдү.

2025–2026-окуу жылында ширетүүчү кесибин 10 айлык жана эки жылдык негизде ачуу пландалууда.

Лицейдин материалдык-техникалык базасы да күчтүү. Ашпозчулар үчүн лабораториялар, тигүүчүлөр үчүн төрт цех, веб-разработчиктер үчүн 25 компьютер каралган. Автослесарлар үчүн түзүлгөн окуу-өндүрүштүк борбордо унааларды оңдоо иштери жүргүзүлөт. Агартуу министрлиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде кызматтык унааларды тейлөөгө да даяр.

WorldSkills чемпионатынын тикмечи жана ашпозчу категориясынын аймактык, республикалык туру №18лицейдин базасында өткөрүлүп тургандыгы алдыңкы окуу жай экендигин айгинелейт.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР, БИРОК СИСТЕМАЛУУ КАДАМ ТАЛАП КЫЛЫНАТ

Мындан тышкары, окуу жай бир катар ишканалар менен кызматташат. Алардын катарында «Империя» кафеси, «Рагуда» эс алуу борбору, «Президент Холл» рестораны жана «Атуул» унаа оңдоо жайы бар. Бул жайларда студенттер өндүрүштүк практикадан өтүшөт.

— Практикалык сабактар теорияга караганда алда канча кызыктуу. Жаштар максаттуу келип, эмнени үйрөнөрүн так билишет. Өндүрүштүк практика реалдуу шартта иштөөгө мүмкүнчүлүк берет, — дейт Таалай Орунтаев.

Лицейдин негизги максаты — өнөктөштүктү өнүктүрүү. Анткени күчтүү өнөктөштөрсүз кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу кыйын. Акыркы эки жылда бул багытта олуттуу иштер жүргүзүлүп, жакшы жыйынтыктарга жеткен.

Окуу жайдагы кесиптерге суроо-талап жогору. Айрым учурларда абитуриенттердин көптүгүнөн кошумча контракттык тайпаларды ачууга туура келет. Мисалы, быйыл ашпозчулук боюнча кошумча тайпа ачылып, автотейлөө багыты аз убакытта толуп калган.

Бүтүрүүчүлөрдүн 50 пайыздан ашыгы өз кесиби боюнча жумуш менен камсыз болууда. Калгандары жогорку окуу жайларга тапшырып же чет өлкөгө иштөөгө кетишет. Бул көрсөткүч окуу жайдын туура багытта иштеп жатканын далилдейт.

Таалай Орунтаев бул кызматта эки жылдан бери иштеп келет. 19 жылдык педагогикалык тажрыйбасы бар адис катары ал окуу жайдын өнүгүүсүнө багытталган бир катар стратегиялык максаттарды койгон. Алардын негизгилери — ири бизнес түзүмдөр менен өнөктөштүктү кеңейтүү, окуу жайдын имиджин көтөрүү жана финансылык туруктуулукту камсыз кылуу.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР, БИРОК СИСТЕМАЛУУ КАДАМ ТАЛАП КЫЛЫНАТ

Учурда лицейде оңдоп-түзөө иштери жүрүп, айлана-чөйрөсү жакшыртылууда. 350 миң доллар инвестиция тартылып, заманбап спорт комплекси куруу пландалууда. Мындан тышкары, спорт залы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, жатаканага душ орнотулат.

Ошол эле учурда кадр маселеси актуалдуу бойдон калууда. Лицейде мугалимдер жана устаттар жетишсиз. Айрым адистер кетип калса, окуу процесси үзгүлтүккө учурайт. Бул маселени чечүү үчүн жаш мугалимдерге жатакана берилип, насаатчы мугалимдер бекитилүүдө.

— Устаттар жетишсиз болгондуктан контингентти көбөйтө албай жатабыз. Негизги максатыбыз — санга эмес, сапатка иштөө, — дейт директор.

Учурда лицейде 79 кызматкер иштесе, анын 55и педагогдор. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп, быйыл сегиз мугалим ар кандай курстардан өтүштү. Эл аралык кызматташтыктын алкагында дагы бир мугалим Түркияда тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алды.

  • Лицей жамааты эмгек рыногун да тынымсыз анализдеп турабыз. Кыргызстанга көп сандагы портнойлор кереги жок экен, ага караганда тигүүчүлүк багыты актуалдуу. Ошондуктан биз ушул багыттагы тайпалардын санын кыскартып, тигүүчүлөргө басым жасоону ойлонуудабыз. Бариста, ширетүүчү жана веб-разработчик адистиктерин  да өнүктүрөбүз,  — дейт Таалай Орунтаев.

Жыйынтыктап айтканда, 12 жылдык билим берүү системасы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бирок аны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн так пландоо, туруктуу каржылоо жана бардык тараптардын биргелешкен аракеттери талап кылынат.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер