12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТАТ

  • 29.10.2024
  • 0

Дүйнөнүн 150 өлкөсүндө 12 жылдык билим берүү кадыресе көрүнүш болуп, жыйынтыгын берип келатканы жалпыга маалым. Ал эми бизде чет өлкөгө окууга барган уул-кыздар 12 жылдыкты бүтпөгөн үчүн бир жылын текке кетиришип, даярдоо курстарынан өтүп, убара тартып келатышат.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТАТБуга менин уулум Элхандын тагдыры да мисал боло алат. Эгерде ошол учурда өлкөбүздө 12 жылдык билим берүү болгондо уулум Элхан да Италия өлкөсүнө тапшырууну көздөп жүргөн. Бирок бир жылын текке кетиргиси келбей, башка өлкөгө окууга тапшырууну чечкенбиз. Учурда Малайзияда окуп жатат.

Эми12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТАТ өлкө жетекчиси, өкмөтүбүз да бул маселеге терең маани берүү менен  12 жылдык билим берүүнү колдоого алып жатканы жакшы көрүнүш.Эң маанилүүсү эми Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Шаршеновна баштаган ишин аягына чыгарышына убакыт берип, шарт түзүп, колдоп, жардам берүүнүн оруна “бөйрөктөн шыйрак чыгарып” негизсиз сынга алгандарга жол болсун! Кыска убакыттын ичинде билим берүү тармагында кадимкидей алга жылуу аракеттери сезиле баштаганы да жакшы көрүнүш. Бирок, “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дегендей анын аракеттин сынга алып жаткандар да кезигүүдө. Туура сын, сунуштар болсо, ал иштин алдыга жылуусуна эгедер болот эле.

Билим берүүнү модернизациялоо багыттарына арналган “Алтын казык” программасы долбоорунун ишке ашыруу учур талабы болуп турат.  Бул дагы 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн чоң кадамы болуп эсептелет. Албетте, бул долбоорду ишке ашырууда ар бир билим берүү тармагында иштеген кесиптештерибиз, ата-энелер, коомчулук менен чогуу четте калбай, кол кабыш кылышыбыз керек. Бул программанын мазмунунан ылайыктап баштап бала бакчадан баштап, мектептерди, кадрларды даярдап, окуу китептерин, методикалык комплекстерди жаңы муунга арнап жазып чыгуу учур талабы болуп эсептелет.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТАТБиздин мектеп дагы бул стратегиядан четте калбастан былтыртан бери коңшу Казакстандын, Монголиянын иш-тажрыйбалары менен да кеңири таанышып жатабыз. Ошондой эле өнүккөн чет мамлекеттердин, Малайзия, Сингапур  өлкөлөрдүн, Кембридж, Оксфорд сыяктуу окуу жайлардын окуу системаларын колдонуу жагдайын карап, чет тилдерин үйрөнүү методдорун негизинде жүргүзүүнү максат кылып жатабыз. Өзүбүздүн улуттук баалуулуктарды, өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен  программага киргизүү пландалууда.

Буга чейин деле кыргызстандык айрым окуучулар Бүткүл дүйнөлүк олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келаташат. Анан эмне үчүн өзүбүздүн казаныбызда кайнап, эл аралык билим берүү стандарттына кошулбай жүрө берүүбүз керек. Бизде да тажрыйба, кесипкөй педагогдор, адистерибиз бар. Билим берүү тармагында бул демилгени ишке ашырууга болот.12 жылдык окууга өтүүнүн жакшы пайдалуу жактары арбын. Аны аткаруунун иш-пландары, мөөнөтү иштелип чыгууда деген терең ишеничтемин.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТАТОшондуктан коомчулукка 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыгын түшүндүрүү менен, балдарыбызга татыктуу билим берип, өнүккөн алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулууга ниет  кылып, бир максатта, бир тилекте болуп, дүйнөлүк стандарттын талаптарына жооп берген билим жолуна бирге аттанып, баарыбыз колдон келген салымыбызды кошуубуз зарыл.

Чынында эле, министр жалгыз өзү реформаны ишке ашыра албайт, ошондуктан жалпы коомчулук түшүнүү менен колдоп, иш-тажрыйбабыз менен бөлүшүп, бирге ишке ашырууга көмөкчү бололу. Себеби  билим берүү тармагы өлкөбүздүн келечеги үчүн абдан маанилүү стратегиялуу тармак болуп саналат. Билими күчтүү өлкө гана өнүгүп-өсүп,  дүйнөгө таанылып, коңшулар менен теңата боло алат.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТАТ12 жылдык билим берүүнүн негизги артыкчылыктары: дүйнөлүк билим берүү системасына жуурулушуп, учур талабына ылайык заманбап жаңы  билим берүү технологияларын колдоно билүү, мектептен эле окуучу кошумча кесиптик билим алуу,  өзү каалаган бир кесипке ээ болуу болуп саналат.

Келгиле, баардык кесиптештер, мугалимдер, билим берүүнүн күжүрмөн дыйкандары президентибиздин жана министрибиздин демилгесин жалпыбыз колдойлу! Башталган иштин үзүрүн бирге көрүүгө чакырат элем. Жалпыга түшүндүрүү иштеринен дагы көмөкчү болуп, мугалимдик тилектештигибизди көрсөтөлү!

Гүлзат Жээнбаева, 

Бишкек шаарындагы №95 орто мектептин кыргыз тили, адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер