12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮ БОЮНЧА КОНЦЕПЦИЯГА КОЛ КОЮЛДУ

  • 01.11.2024
  • 0

2024-жылдын 1-ноябрында,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 30.10.24-ж. №654  токтому менен Кыргызстандын 12 жылдык жалпы билим берүү системасына өтүү Концепциясын бекитти. Бул документ мектептик билим берүүнү Кыргызстандын алдында турган заманбап талаптарга жана чакырыктарга ыңгайлаштыруу менен багытталган билим берүү системасындагы негизги өзгөрүүлөрдүн пайдубалын түзөт.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮ БОЮНЧА КОНЦЕПЦИЯГА КОЛ КОЮЛДУ

12 жылдык билим берүүгө өтүү Концепциясы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан эл аралык стандарттарга жана башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбасына таянып, эксперттердин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда иштелип чыккан. Анын максаты — билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, студенттердин арасында зарыл заманбап көндүмдөрдү жана билимдерди өнүктүрүү, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо болуп саналат.

12 жылдык билим берүүгө өтүү — бул ийкемдүү, инклюзивдик жана инновациялык билим берүү системасын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү стратегиялык маанилүү кадам.

Мектеп бүтүрүүчүнүн жашы өзгөрбөйт, 11 жылдык окуудагыдай эле 17 жашында мектепти аяктайт. Нөлөвөй класстын ордуна 1-класс болот, ошондо балдар мектепке 6 жаштан баштап барат.

Концепцияга ылайык, мектептик билим берүүнүн жаңы структурасы бир нече жыл ичинде этап-этап менен ишке ашырылат, анын ичинде мугалимдерди даярдоо жана кайра даярдоо, билим берүү стандарттарын жана программаларын түзүү жана адаптациялоо, мектеп инфраструктурасын жаңылоо кирет.

Негизги ишке ашыруу кадамдары төмөнкүлөрдү камтыйт:

— даярдоо этабы – 2021-жылдан 2025-жылга чейин. Бул учурда билим берүү стандарттары жана программалары жаңыланып, мугалимдер азыртан баштап эле окуудан өтүп, инфраструктура даярдалат.

— башталгыч баскыч — 2025/2026-окуу жылында 5,5-6 жашка чыккан балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй баштайт.

Мектепке чейинки мекемелерде жана мектептерде «Наристе» мектепке чейинки билим берүү программасы менен окуган балдар жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтөт.

— өтүүлөр (переходы) — бир окуучу — бир өтүү. Класстан класска бир жолудан ашык эч ким өтпөйт. Кыргызстан ушундай нукта эле кезегинде 11 жылдык окууга өткөн, азыр 12 жылдыкка өтүп жатат.

Бардык өтүүлөр 2025/26окуу жылынан 2027/28окуу жылына чейин жүргүзүлөт.  

2025/26-окуу жылында:

11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2015-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт.

 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2012-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.

2026/2027-окуу жылында:

11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2016-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт.

11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2013-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.

11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2010-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтөт.

2027/2028-окуу жылында:

11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2017-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт. 

11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2014-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.

11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2011-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтөт.

Ушуну менен класстан класска өтүү аяктап, окуу процесси 12 жылдык система боюнча жүрүп баштайт.

акыркы этап — 12 жылдык мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат 2027/2028-окуу жылынан баштап берилет.

12 жылдык мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрү 2036/2037-окуу жылында (2019-жылы туулган) аяктайт. Анткени булар класстан класска секирбей өтөт.

Билим берүү жана илим министрлиги коомчулукту, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы муунду глобалдык чакырыктарга даярдоонун негизи болгон билим берүүнү трансформациялоо процессине активдүү катышууга чакырат.

Кыргызстандын 12 жылдык билим берүүгө өтүүсүнө байланыштуу суроолоруңузду төмөнкү дарекке жөнөтсөңүз болот:

  • [email protected] электрондук почта дареги
  • 0554 00 00 12 «ишеним телефону» Алтын Казык WhatsApp номерине SMS түрүндө.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер