12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АЛДЫГА КАДАМ

  • 21.11.2024
  • 0

20-ноябрда Т.Эрматов  атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунда “12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АЛДЫГА КАДАМ” аттуу тегерек стол өттү.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АЛДЫГА КАДАМ

Иш-чарага жогорку окуу жайлардын илимий иштер боюнча проректорлору, окутуучулары, студенттери, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, жаш окумуштуулар катышты.

Алгач Билим берүү жана илим министрлигинен тегерек столдун катышуучуларына “Алтын казык программасы” тууралуу кенен маалымат берилди.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АЛДЫГА КАДАМ

Ал эми “Он эки жылдык билим берүү: дүйнөлүк тенденциялар жана илимий негиздөөлөр” тууралуу педагогика илимдеринин доктору, профессор Нурбүбү Асипова айтып берди.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берип, 12 жылдык билим берүү жана “Алтын Казык” программасынын зарылдыгы жана артыкчылыктарына кенен токтолду.

Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Куштарбек кызы Элизат 12 жылдык билим берүүнүн бала бакчаларга тийгизген таасири жөнүндө баяндады .

Белгилей кетсек, министрликтин буйругуна ылайык 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө илимий коштоо жүргүзүү үчүн профессорлор, академиктерден турган жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топтун координатору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын илимий иштери боюнча проректору Нурмира Абдыбекованын айтымында, жумушчу топ март айынан бери семинар, эл аралык конференция жана тегерек столдорду университеттердин базасында уюштурууда.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АЛДЫГА КАДАМ

“Кийинки иш-чараны Кыргыз-Орус Славян университетинде декабрь айында өткөрүүнү пландап жатабыз. Анда биздин чет өлкөдө жүргөн окумуштуулар дагы онлайн катышып, докладдарын окуп берип, чет өлкөдөгү тажрыйбаларды практикада кароо сунушталууда. Бул 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктарын, келечегин коомчулукка жеткирүү максатында жасалып жаткан иштердин бири”, — деди Н.Абдыбекова.  Тегерек столго онлайн шилтеме аркылуу да мугалимдер жана кызыктар тараптар  катышты.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АЛДЫГА КАДАМ

Бөлүшүү

Комментарийлер