ЫСЫК-КӨЛ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ МЕЙМАНКАНАСЫН ИШКЕ КИРГИЗЕТ

  • 21.04.2022
  • 0

ЫСЫК-КӨЛ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ МЕЙМАНКАНАСЫН ИШКЕ КИРГИЗЕТЫсык-Көл индустриалдык- педагогикалык колледжи толук реконструкциядан өтүп, жакын арада «Мейманкана ишкердиги жана туризм” адистиги боюнча окутуу үчүн өзүнүн окуу-өндүрүштүк комплексин ишке киргизет.

Окуу-өндүрүштүк комплекс 6 заманбап жана жабдылган мейманкана бөлмөдөн турат: эки керебуттүү (twin) 4 бөлмө жана эки кишилик керебет менен (double) 2 бөлмө.

Ысык-Көл индустриалдык- педагогикалык колледжи мейманкананын жыбдулоосу менен жаңы окуу жана кеңсе шаймандарга ээ болду. Студенттик ашкана тамак даярдоочу шаймандары менен толук жабдылган, колледждин жыйындар залы интерактивдүү панель жана конференция-байланыш системасы менен жабдылган.

ЫСЫК-КӨЛ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ МЕЙМАНКАНАСЫН ИШКЕ КИРГИЗЕТ

Окуу-өндүрүштүк комплекси студенттерди жумуш ордунда окутууга мүмкүнчүлүк түзөт. Колледждин студенттерин даярдоонун алкагында окуу-өндүрүштүк иш-аракеттерди калыбына келтирүү алардын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле алардын алган билимин практика жүзүндө бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

«Жалпысынан Кыргызстан боюнча биз Алдыңкы тайжрыйба борборлору болуп калган 8 колледжди реконструкциялап, заманбап шаймандар менен жабдуулоосун жасап жатабыз. Алардын ар биринин базасында окуу-өндүрүштүк комплекси иштей баштайт. Мисалы, Балыкчыда комплекс «Туристтик комплекстерди уюштуруу жана тейлөө» программасы боюнча түзүлгөн. Реконструкциялоодон тышкары биз жан башына каржылоо системасын киргизүүгө, студенттерди ишкердикке үйрөтүүгө жана окуутучулардын потенциалын жогорулатууга чоң көңүл буруп жатабыз», — дейт долбоордун жетекчиси Нурлан Атаканов.

Колледжди реконструкциялоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында мүмкүн болду. Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Программа кесиптик-техникалык билим берүүнү башкарууну жана каржылоону күчөтүү, окутуунун жана тарбиялоонун шарттарынын сапатын жогорулатуу, компетенттүүлүккө негизделген окутууну киргизүү, өндүрүш менен кызматташууга жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу компоненттерин камтыйт.

ЫСЫК-КӨЛ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ МЕЙМАНКАНАСЫН ИШКЕ КИРГИЗЕТ

Бөлүшүү

Комментарийлер