11 АДАМ ТИЕШЕЛҮҮ СЕРТИФИКАТКА ЭЭ БОЛОТ

  • 19.06.2024
  • 0

Бүгүн, 19-июнда Бишкектеги курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинин базасында шыбакчы кесиби боюнча көз карандысыз валидациялоодон 11 адам өттү.

11 АДАМ ТИЕШЕЛҮҮ СЕРТИФИКАТКА ЭЭ БОЛОТ

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу былтыркы жылы министрликтин алдында ачылган Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун жумушу абдан маанилүү экендигин, буга муктаждык чоң болуп жаткандыгын айтты. Ошондой эле борбор сертификация жана валидация деп экиге бөлүнөрүн түшүндүрүп өттү.  Сертификация– лицей же колледждин баазасында кыска мөөнөттүк окуудан өтүп, жумуш берүүчүлөр тарабынан бааланып алынган сертификат. Валидация — буга чейин эч бир жерде окубаган жарандардын көндүмдөрү кесипкөй адистер тарабынан бааланып, ыйгарылган сертификат.

11 АДАМ ТИЕШЕЛҮҮ СЕРТИФИКАТКА ЭЭ БОЛОТ

  • Статистикага таяна турган болсок, Кыргыз Республикасында эмгекке жарамдуу, экономикалык жактан активдүү калктын болжолдуу 60% колунда формалдуу кесиптик билими жөнүндөгү документтери жок экен. Бирок бул эч жерде иштебейт дегенди билдирбейт.

1990-жылдардан кийин элдин көбү сырткы миграцияны көздөй агылып, Россияда, Казакстанда жүрүштү. Акыркы учурда миграциялык агымдар өзгөрүлүп, Европа өлкөлөрүнө чыгып жатышат. Тилекке каршы, жарандарыбыздын көпчүлүгүндө жумушчу кесиптин ээси экендигин тастыктоочу документ жок. Алар практика жүзүндө өз алдынча үйрөнгөн. Иш берүүчүлөр аларга караганда колунда документи барларга көбүрөөк эмгек акы төлөп беришет. Ушул кенемтени толтуруш үчүн борбор түзүлгөн. Негизги максатыбыз – жарандарга тиешелүү документтерди берүү. Бүгүн кезектеги валидация процессин өткөрүп жатабыз. Бул дээрлик бардык өлкөлөрдө бар, Кыргызстан үчүн жаңы процедура. Биздин серфтификаттар Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөлөрдө да таанылуусун камсыз кылышыбыз керек, — деди Расул Абазбек уулу.

11 АДАМ ТИЕШЕЛҮҮ СЕРТИФИКАТКА ЭЭ БОЛОТ

Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун директору Жанара Шатманованын айтымында, сырьё кандидаттын эсебинен алынгандыктан сертификациялоонун баасы кесиптерге жараша 6000миң сомдон жогору болот. Тапшырууну каалагандар үчүн өзүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү, бир даана сүрөт жана өз колу менен жасаган жумуштарынын фото же видеосун отчётун камтыган портфолиосу эле кажет.

Сертификациялык комиссиянын мүчөлөрү экзаменде жана практикалык тапшырманын жыйынтыгы боюнча талапкерлердин кесиптик стандартка ылайыктуулугун баалашат.

11 АДАМ ТИЕШЕЛҮҮ СЕРТИФИКАТКА ЭЭ БОЛОТ

Валидациялоодон өтүп жаткан кандидаттын бири — Мирбек Жаманкулов.  20 жылдан бери штукатур болуп эмгектенип келе жатат. Турмуш-шартка байланыштуу мектепти аяктагандан эле курулуш тармагына кирип, билим албай калган. Сертификат жөн эле келип иштеп жаткан катардагы жумушчу эмес, окуу жайды бүтүргөн, тажрыйбасы чоң кызматкер экендигин тастыктайт дейт ал.

  • Тиешелүү документ менен иштөө бүгүнкү күндүн талабы. Азыр мурда заман эмес. Документ чогултууда деле кыйынчылык болбойт экен, дароо эле кабыл алышты. Билим алууга керектүү материалдары бар, шарттары жакшы. Мугалимдери адамгерчиликтүү мамиле кылышат, түшүнбөгөн маалыматтарды сурасаң, айтып беришет. Жалпы бир айдай окудук. Эми үйрөнчүк жумушчу эмесмин. Эмгек акым да жогорулайт. Жаш кезимде бир окусам, эми улгайганда бир окуп жатам, — дейт Мирбек Жаманкулов.

11 АДАМ ТИЕШЕЛҮҮ СЕРТИФИКАТКА ЭЭ БОЛОТ

Буга чейин тагыраагы 11-июнда ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде  тигүү буюмдарын бычуу жөндөмү менен тикмечи кесиби боюнча сегиз адам алгачкы жолу валидациядан өтикөн. Аталган жараян Билим берүү жана илим министрлигине караган өлкөдөгү 8 Алдыңкы тажрыйба борборунун базасында жүргүзүлөт.

11 АДАМ ТИЕШЕЛҮҮ СЕРТИФИКАТКА ЭЭ БОЛОТ

Алдыңкы эки айдын ичинде сегиз Алдыңкы тажрыйба борбору эң көп талап кылынган 10 кесип боюнча 20дан ашык кесип боюнча квалификациясын тастыктоо үчүн баалоо жүргүзөт.

                                                                                                                                                                            Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер