100 жылдыкка 100 объект
- 30.08.2024
- 0
Бүгүн Кыргызстандын аймактарында курулган 100 объект бир маалда ачылды. Арасында билим берүү мекемелери да бар. Салтанатка президент Садыр Жапаров онлайн катышты.
Президент Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объекттин ачылышы Кыргызстан үчүн тарыхый жактан өтө маанилүү учур экенин билдирип, өндүрүш ишканалары менен бирге жаңы мектеп, мектептерге кошумча имараттар, бала бакчалар, спорт залдары ачылганын айтты.
«Жаңы ачылган ишканалар өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошсо, жаңы ачылган мектеп, бала бакчалар билим сапатын арттырууга жол чабат деп ишенем», — деди Садыр Жапаров.
Бүгүн өлкө боюнча 25 мектеп, 13 бала бакча, 5 спорткомплекс пайдаланууга берилди.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка орто мектеп-гимназиясынын 500 орунга ылайыкталган кошумча имаратынын ачылышына катышса, министрдин орун басарлары Лира Самыкбаева Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназиясынын кошумча 225 орунга ылайыкталган имаратынын, Муратбек Касымалиев Чүй районунун Ибраимов айыл аймагынын Кошой айылындагы 225 орундуу орто мектебинин ачылыш аземине катышты.
Ысык-Көл облусунда төрт бала бакча, үч мектеп ачылды:
- Ак-Суу районунун Жергез айылындагы О. Элебесов атындагы 150 орундуу мектеп;
- Жети-Өгүз районунун Жалгыз-Өрүк айылындагы А. Рысмендеев атындагы 225 орундуу мектеп;
- Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы Пушкин атындагы 275 орундуу мектеп;
- Түп районунун Байзак айылындагы 100 орундуу бала бакча;
- Түп районунун Михайловка айылындагы 100 орундуу бала бакча;
- Түп районунун Кең-Суу айылындагы 100 орундуу бала бакча;
- Ак-Суу районундагы «Азирет» 100 орундуу бала бакча.
Чүй өрөөнүндө болсо эки мектеп, бир спорткомплекс жана Бишкек шаарындагы мектеп-гимназиянын кошумча корпусу пайдаланууга берилди:
- Сокулук районунун Новопавловка айылындагы мектебине 500 орундуу кошумча окуу корпус;
- Чүй районунун Кошой айылындагы 225 орундуу мектеби;
- Чүй районунун Чүй айылындагы спорткомплекс;
- Бишкек шаарындагы №69 мектеп-гимназиясына 225 орундуу кошумча окуу корпус пайдаланууга берилди.
Ош облусунда жалпы төрт мектеп, 1 бала бакчанын ачылыш аземи болду:
- Алай районунун Кум-Шоро айылындагы 100 орундуу №32 Кум-Шоро мектеби;
- Кара-Суу районунун Ачы айылындагы 225 орундуу мектеп;
- Ноокат районунун Караке айылындагы Б.Абдиев атындагы 150 орундуу мектеп;
- Өзгөн районунун Кыймыл айылындагы 60 орундуу бала бакча;
- Өзгөн районунун Чымбай айылындагы № 54 Т.Сарыков атындагы 375 орундуу мектеп;
Ал эми Талас облусунда 1 мектеп жана 1 бала бакча пайдаланууга берилди:
- Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылындагы Д.Батырбашиев атындагы 375 орундуу мектеп;
- Айтматов районунун Көк-Сай айылындагы 140 орундуу бала бакча.
- Ат-Башы районунун Жаны-Куч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы 150 орундуу мектеп;
- Жумгал районунун Табылгыты айылындагы И.Орозалиев атындагы 150 орундуу мектеп;
- Нарын районунун Ак-Кудук айылындагы Омор уулу Кожоке атындагы 150 орундуу мектеп;
- Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылындагы спорттук зал.
- Аксы районунун Мундуз айылындагы №22 С.Жээнбаев атындагы 225 орундуу мектеп;
- Базар-Коргон районунун Коткор айылындагы 50 орундуу бала бакча;
- Ноокен районунун Достук айылындагы №21 Фурхат атындагы 275 орундуу мектеп;
- Ноокен районунун Масы айылындагы 50 орундуу бала бакча;
- Ноокен районунун Кокондук айылындагы № 39 мектепке спорт комплекс;
- Сузак районунун Масадан айылындагы №44 Фурхат атындагы 624 орундуу мектеп;
- Сузак районунун Жаны-Айыл айылындагы №87 «Келечек» мектебине спорттук комплекс;
- Сузак районунун Жерге-Тал айылындагы №11 М.Орозалиева атындагы мектепке спорттук зал;
- Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы К. Сартбаев атындагы мектептин аймагында бала бакча;
- Сузак районунун Кара-Алма айылынын Сай аймагындагы 40 орундуу бала бакча;
- Сузак районунун Калмак-Кырчын айылындагы 40 орундуу бала бакча;
- Сузак районунун Бостон айылындагы 40 орундуу бала бакча;
- Сузак районунун Жаңы-Ачы айылындагы 40 орундуу бала бакча;
- Сузак районунун Ынтымак айылындагы М. Торомаматов атындагы 500 орундуу мектеп;
- Тогуз-Торо районунун Арал айылындагы Үрүстөнбек уулу Бейше атындагы 225 орундуу мектеп;
- Кара-Көл шаарындагы №4 Д.Шопоков атындагы 620 орундуу мектеби пайдаланууга берилди.
Баткен облусунда болсо жалпы 2 соцобъекттин ачылышы болду:
- Баткен районунун Кайыңды айылындагы Турусбеков атындагы 150 орундуу мектеп;
- Кадамжай районунун Көтөрмө айылындагы №39 Х.Жаныбеков атындагы 150 орундуу мектеп.
Мамкурулуштун директорунун орун басары Талант Иманакун уулу ачылып жаткан мектептердеги химия, физика, эмгек кабинеттери бардык зарыл каражаттар менен жабдылып, 20-30 компьютери менен бирге берилип жатканын билдирди.
Эльвира Какиева, «Кут Билим»
Комментарийлер