10 СОМДУН БААСЫ…

  • 25.10.2024
  • 0

Жакында эле өткөн республикалык “Жыл мугалими – 2024” сынагынын баш байгесинин ээси Назгүл Каныбекова ФБ баракчасына жагымдуу окуясын жарыялады.

10 СОМДУН БААСЫ...

“Кечээ менде аябай жагымдуу окуя болду. Араван районуна кезектеги ментордук ишимди аткарып, кеч кайтым. Шаарга келип 43-автобуска чыктым. Карасам алды жактагы маңдай-тескей олтуруучу орундуктун бири бош экен. Барып олтурарым менен маңдайымдагы жашы 45-50 чамасындагы эже «Назгүл беле атың? Сен мыкты мугалим болдуң, а?! Азаматсың!» — деп бардыгына угуза сүйлөп кирди. Бардык көздөр мага карап жатканын сезип турдум. Кай жактан болорумду, каякка турмушка чыкканымды, кайсы мектепте иштээримди, 12 жылдыкка өтсөк кандай артыкчылыгы болоорун, арасында кандай сезимде болуп жатканымды да 12-15 мүнөттүн ичинде сурап алды. Журналисттин маңдайында олтургандай эле сездим өзүмдү. Аңгыча түшөр аялдамасына жетти окшойт, ордунан козголуп, туруп баратып мен МЧСте иштейм деп өзү тууралуу бир сүйлөм гана айтып өттү. Атын сураганга да үлгүрбөй калдым. Шоопурдун жанына барып, “эки адамга алып кой. Ал мыкты мугалим. Ош шаарынын атын коргоп келди” деп автобустагылардын баарына угуза дагы бир жолу баса белгилеп, «Назгүл, сага төлөп койдум. Катырып иштей бер!» деген бойдон түшүп кетти. Рахмат эже, деп колумду булгалап кала бердим. Жанымда олтурган эже дагы менин мардайып калганымы байкап: «Бул да болсо билимди баалагандык» деп кубаттап койду. Кадимки 10 сом… Кээде балдарыңа берсең албайм деп (чоңураагын үмүт этип) түртүп койгон 10 сом… Мынчалык баалуу экениңди сезбей жүрүпмүн. Элден айланса болот. Элибизде ушундай жакшы адамдар көп”.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер