1-СЕНТЯБРГА КАРАТА 20 МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ АЯКТАЙТ
- 21.08.2024
- 0
Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстанда 17 мектеп курулду. Бул тууралуу Мамкурулуштун директорунун орун басары Бактияр Станбеков билдирди.
Мамкурулуштун маалыматы боюнча Ош облусунда – 7 мектеп, Жалал-Абад облусунда – 4 мектеп, Баткен облусунда – 3 мектеп жана Чүй, Нарын, Талас облустарында бирден мектеп курулган. Анын айтымында 1-сентябрга чейин дагы 20 мектептин курулушу аяктап ишке кирмекчи.
Мындан тышкары жарым жылдыкта эки бала бакча, үч саламаттыкты сактоо мекемеси жана беш спорткомплекси курулуп ишке берилген.
А.Кашыбаева,
“Кут Билим
Бөлүшүү
Комментарийлер