1-СЕНТЯБРДАН ТАРТЫП МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН ЖАНА ДИРЕКТОРДУН ОРУН БАСАРЛАРЫНЫН КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ 50%ГА ЖОГОРУЛАТЫЛАТ

  • 22.08.2023
  • 0

2023-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мугалимдердин жана мугалимдердин айрым категорияларынын эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому менен Билим берүү системасынын кызматкерлеринин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын, атайын мектептердин жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын директорлорунун жана директорлорунун орун басарларынын кызматтык маяналары 50%га жогорулатылды.

1-СЕНТЯБРДАН ТАРТЫП МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН ЖАНА ДИРЕКТОРДУН ОРУН БАСАРЛАРЫНЫН КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ 50%ГА ЖОГОРУЛАТЫЛАТ

Билим берүү уюмдарынын директорлорунун жана директорлорунун орун басарларынын эмгек акысын жогорулатуу үчүн жылына 549 ​​млн сом, 2023-жылдын 1-сентябрынан тарта 183 млн сом талап кылынат.

2023-жылдын 1-сентябрынан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын (бардык типтеги жана аталыштагы мектептер жана интернаттар, балдар үйлөрү), реабилитациялоо, балдарды өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо боюнча адистештирилген борборлор, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү балдар мектептеринин жетекчилеринин орточо эмгек акысы

Окуучунун саны2023-жылдын 1- сентябрынан Билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин орточо эмгек акысы
ДиректорДиректордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларв
1До 10024 00021 000
2От 100 до 60027 00024 000
3От 600 до 120030 00027 000
4От 1200 до 180033 00030 000
5Свыше 180036 00033 000
 Орточо эмгек акысы30 00027 000

Натыйжада, 1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облуснун айылдарынын бириндеги 100-600 окуучу билим алган мектептин 13 жылдан ашык эмгек стажы бар директору мурда 19143 сом айлык акы алса, эми 28715 сом маяна алат. Ал эми 13 жылдан ашык стажысы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан баштап айлык акы жогорулатылганга чейин 17413 сом алса, мындан ары 26120 сом маяна алат.

Өзгөн районундагы 1800дөн ашык окуучусу бар айылдык мектептин биринде 15 жылдан ашык эмгектенген мекептин директору айлык жогорулатылганга чейин 23 731 сом алса, эми 35 597 сом маяна акы алат. Ал эми 15 жылдан ашык стажы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан тарта мурда төлөнүп келген 21360 сомдун ордуна 32040 сом маяна акы алмакчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер