1,5 МЛРД СОМГО 3,9 МЛН НУСКАДА ОКУУ КИТЕПТЕРИ ЧЫГАТ

  • 30.12.2024
  • 0

30-декабрда “Кабар” маалыматтык агентигиндеги быйылкы жылды жыйынтыктоочу пресс-конференцияда  Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2024-жылы окуу  китептери боюнча төмөнкү иштер аткарылганын белгилеп, жаңыра турган 2025-жылы кандай иш-аракеттер болоорун  да айтты.

1,5 МЛРД СОМГО 3,9 МЛН НУСКАДА ОКУУ КИТЕПТЕРИ ЧЫГАТ2024-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Жаңы китеп” мекемесин жана Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби” борборун бириктирип, жаңы мамлекеттик мекеме – «Окуу китеби» басма үйү” мамлекеттик мекемесин түзүү тууралуу токтом кабыл алган. Бул кадамдын негизги максаты – улуттук окуу китептеринин сапатын жакшыртуу жана билим берүү мекемелерин зарыл окуу материалдары менен камсыздоо болду.

1,5 МЛРД СОМГО 3,9 МЛН НУСКАДА ОКУУ КИТЕПТЕРИ ЧЫГАТ2024-жылдын ичинде «Окуу китеби» мекемеси окуу китептерин экспертизадан өткөрүп, басууга  даярдоо иштерин активдүү жүргүздү. Ошондой эле Маршал Кавендиш басмасынын (Сингапур) окуу-методикалык комплекстеринин мүлк укугун мөөнөтсүз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алдык. Бул билим берүү системасынын туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзүп, окуучулар үчүн сапаттуу окуу китептерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Мындан тышкары окуу китептерин жаңыртуу жана адаптациялоо процесси толук кандуу жүрүп жатат. ”Окуу китеби” пилоттук түрдө Англис тилинин 1-деңгээлдеги алгачкы 600 нуска окуу китебин адаптациялап, басып чыгарып, аймактардагы мугалимдерге апробацияга жиберилди, которуу, редакциялоо  иштери тынымсыз жүрүп жатат.
Узап бараткан жылда «Окуу китеби» басма үйү 1–11-класстардын окуучулары үчүн  жетиден ашык окуу китептерин экспертизадан өткөзүп, “Учкун” басмасына басууга сунушталды. Аталган китептер заманбап методологияны эске алуу менен кайра жазылды жана тарых, математика, адабият сыяктуу негизги предметтерди камтыды.

1,5 МЛРД СОМГО 3,9 МЛН НУСКАДА ОКУУ КИТЕПТЕРИ ЧЫГАТУчурда «Окуу китеби» басма үйүндө Маршалл Кавендиш басмасынын 12 жылдык билим берүү системасына ылайык окуу китептеринин электрондук версиялары каралып жатат. Бул өзгөчө алыскы жана интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү чектелүү аймактар үчүн чоң жардам болот.

2025-жылы «Окуу китеби» басма үйү” мектепте окуу материалдарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана сапатын жакшыртуу боюнча ишмердүүлүктү улантат. 2025- жылдын биринчи жарым жылында UNICEF эл аралык уюмунун колдоосу менен Англис тилинин 1 деңгээлинин окуу-методикалык комплекстери басылып чыгат. Мындан тышкары алты деңгээлден турган англис тилинен окуу-методикалык комплекстери (ОМК) басмага даярдалууда. Ошондой эле 2025-жылы Маршалл Кавендиш басмасынын 3-9 деңгээлдеги математика жана табият таануу (Sience)  ОМКларын приоритеттүү түрдө которуп, редакциялап, корректурадан өткөрүп, иллюстрациялап,  адаптациялап басууга даярдайбыз.

Мектептерди заманбап окуу китептери менен камсыздоо максатында 1,5 млрд сомго 3,9 млн нускада окуу китептерин басып чыгаруу милдети турат, -деди министр.

Ошондой эле Россиянын «Просвещение» басма үйү менен меморандум түзүп, аларды биздин контентке ылайыктап адаптациялап, заманбап жана эл аралык стандарттарга жооп берген окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн авторлорду тартуу пландалып жатканын дагы айтты.

Кабыл Макешов,

“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер